Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда 8-март “Аялдардын эл аралык майрамы” белгиленди!

    Ош технохнологиялык университетинде  8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата салтанаттуу майрамдык кече уюштурулду. Кеченин башында ОшТУнун ректору проф. А.Абидов айымдарды майрамы менен куттуктап, окуу жайдагы үзүрлүү эмгеги жана окуу жайга кошкон салымдары үчүн “Ардак грамоталарды” жана дипломдорду тапшырды.

Мындан тышкары ОшТУнун бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Арзыматов Азизбек аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, окуу жайда көп жылдардан бери үзүрлүү эмгектенишкен айымдарга ОшТУнун профсоюз фондусунун эсебинен баалуу белектер менен сыйлады.

Кеченин экинчи бөлүгү айымдардын көңүлүн көтөргөн концерттик программа менен уланып майрам ээлерине майрамдык маанай тартууланды.