Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда профсоюз уюмунун төрайымы шайланды

Ош технологиялык университетинин Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин IX кезексиз чакырылган отчётттук шайлоо конференциясы өткөрүлдү. Конференцияда ОшТУнун бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы У. Мамытов окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин жүргүзгөн иштери боюнча отчетун берип, окутуучулардын, кызматкерлердин, студенттердин социалдык, экономикалык кызыкчылыктарын жана эмгекти коргоо багытында жасалган иштери жөнүндө кеӊири маалымат берди.

Шайлоого ОшТУнун бардык факультеттеринен жана бөлүмдөрүнөн жалпы 133 делегат жана билим жана илим кызматкерлеринин Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев, ОшТУнун ректору, доцент Ж.Турсунбаев катышышты. Ошондой эле окуу жайдын жалпы жамааты, факультеттердин декандары, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, кызматкерлер, студенттер дагы күбө болушту. Кайра шайлоо конференциясында ОшТУнун бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагалыгына жалпы төрт талапкер болду. Шайлоонун жыйынтыгында делегаттардын көпчүлүк добушу менен ОшТУнун кесиптик бирлик комитетинин төрайымы болуп  Б. Тиленбаева 5 жылдык мөөнөткө шайланды. Б. Тиленбаева буга чейин университеттин редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.

 

Маалыматты даярдаган: Ош технологиялык университетинин Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги