Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшТУда Нооруз майрамы

Ош технологиялык университетинде Нооруз майрамын утурлай майрамдын негизги тамагы сүмөлөктү бышыруу үчүн буудай өндүрүлүп, сүмөлөк кайнатылып, концерттик программа тартууланды. Иш-чара окуу жайдын жетекчилиги, кесиптик бирлик комитети жана технология жана жаратылышты пайдалануу факультети тарабынан уюштурулду. Майрамга университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулар курам жана студенттер катышты.

Майрамдык кечени университеттин ректору Жанболот Турсунбаев ачып, жалпы жамаатты Нооруз майрамы менен куттуктады.

Иш-чара технология жана жаратылышты пайдалануу факультети тарабынан кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары боюнча даярдалган көрүнүштөр, ыр-бийлер менен коштолду. Ошондой эле акыйнек айтылып, аркан тартыш сыяктуу улуттук оюндар аткарылды, студенттердин, окутуучулардын колдорунан жаралган кийимдердин коллекциясы көрсөтүлдү.

Майрамдык иш-чарага окуу жайдын ректораты жана кесиптик бирлиги демөөрчүлүк кылды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшТУ кесиптик бирлик комитети