Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“ОшТУ мырзасы” аныкталды

Ош технологиялык университетинде “ОшТУ мырзасы-2024” жигиттер сынагы өткөрүлүп, сынакка ар бир факультеттен жана гуманитардык-технологиялык колледжден сегиз жигит күч сынашты. Иш чара жаштар комитети тарабынан жаштарды коомдук иштерге аралаштыруу, студенттердин достук мамилесин чыңдоо, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын калыптандыруу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду.

Жыйынтыгында баш байгеге табигый-техникалык факультетинин мырзасы  Самарбек уулу Жылдызбек ээ болуп, “ОшТУ мырзасы” аталды. Ташкент шаарына эс алууга жолдомонун ээси болду.

Ошондой эле “Ош шаарынын мырзасы” конкурсуна катышууга мүмкүнчүлүк алды. Экинчи орунга технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин мырзасы  Бекмамат уулу Маметиса, үчүнчү орунга экономика жана башкаруу факультетинин мырзасы Айбек уулу Арлен ээ болушту. “ОшТУ инстаграм мырзасы” номинациясына Гуманитардык-технологиялык колледжинин мырзасы  Султанбек уулу Мухамедумар ээ болду.

 

Маалыматты даярдаган: ОшТУ кесиптик бирлик комитети