Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ошто жети дубандын студенттеринин достук фестивалы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 22-23-24-июнь күндөрү Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата  «Студенттер – билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн! - III» аттуу ЖОЖдор арасындагы студенттердин достук фестивалы өтөт.

Аталган фестивальга Ысык-Көл мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Баткен мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту катышат.

Фестивальда ар бир окуу жайдан келген студенттерден түзүлгөн чыгармачылык топ өздөрүнүн таланттарын жана маданий чеберчиликтерин жобонун негизинде эл алдында тартуулашмакчы.

Эскерте кетсек 2016-жылдын 21-майында Ош мамлекеттик универмитетинде Кыргызстандын жети облусунан, башта аталган жети мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ректорлору “Ош декларациясына” кол коюшкан. Мына ошол декларациянын алкагында билим берүү, тажрыйба алмашуу, илим изилдөө, ички байланышты бекемдөө,  студенттер ортосунда маданий достукту жайылтуу сыяктуу алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, ар окуу жылдын аягында ЖОЖдордун кезектешип уюштуруусу менен, маданий багытта аталган фестиваль өткүлүп келет. Фестивальдын демилгечиси катары алгачкы иш чара 2016-жылы Ош мамлекеттик университетинде өтсө, 2017-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болуп өткөн.