Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ошто жаштардын достук мелдеши өтүүдө...

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ош шаарындагы ЖОЖдордун жана АОЖдордун жаштар комитеттеринин ортосунда спорттун футбол, волейбол, стол теннис  түрлөрү боюнча  мелдеши болуп өттү.

Аталган иш чара  окуу жайлардын ортосундагы биримдикти бекемдөө менен, ынтымак, достукту чыңдоо үчүн Ош шаардык Мэриясынын жаштар комитетинин демилгеси менен окуу жылы башталгандан тарта ишке ашып келе жатат.  Эң алгач ОшТУда, андан соң ОшКУУда эстафета катарында  болуп өткөн. Ага да институттун студенттери барып катышып, байгелүү орундарга ээ болушкан.

Бул жолку оюн ОГПИде жалпы жаштардын башын бириктирип, жагымдуу маанайда коштолуп,  жогорку деңгээлде улантылып жатат. Ар бир окуу жайдан түзүлгөн  атайын командалар өзгөчө даярдык менен келип, атааңдаштарга ат салдырбайбыз деген күчтүү дем  жана ортодогу достукту сактоо менен  жигердүү катышышты.

Бул саамалык учурдагы жаштардын спортко кызыкдар экенин далилдеп, дагы-да болсо алардан келечектин жаркын жашоосун күтүүгө боло турганын айгинелешти. 

 

Материалды даярдаган:

Кубаныч Жылкычы уулу