ОшМУнун студенттери VI аймактык студенттик олимпиадада 1-орунду ээлешти
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде 15-апрелде 9 жогорку окуу жайы катышкан студенттердин VI аймактык олимпиадасында ОшМУдан 28 предмет боюнча 46 команда – 128 студент катышты.
Жыйынтыгында, 51 студент байгелүү орунга ээ болуп, ОшМУнун студенттери жалпы командалык эсепте 1-орунга татыктуу болушту. Экономика багытындагы 12 командадан 14 студент байгелүү орунга ээ болуп, алардын ичинен 7 студент 1-орунду ээлешти. Ал эми англис тили жана котормо таануу багытындагы 3 командадан 7 байгелүү орун ээленип, алардын ичинен 5 студент 1-орунга жетишишти. Математика, информатика багытындагы 5 командадан 8 студент байгелүү орунга жетишишсе, алардын ичинен 6 студент 1-орунга татыктуу болушту.
Бул жооптуу сынакка командаларды даярдаган окутуучу да барып, олимпиаданы өткөрүүгө катышышты. Иш-чарага ОшМУнун студенттери жана окутуучулары мыкты даярдык менен жогорку уюшкандыкта катышышып, жеңиш менен кайтып келишти.
Белгилей кетсек, ОшМУнун командасы 2012-жылдан тартып студенттердин аймактык олимпиадасында баш байгени ээлеп келишет.
\