Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун студенти Кадыр Келсинбеков дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынды

Ош мамлекеттик университетинин Педагогика жана дене тарбия факультетинин 5-курсунун студенти Кадыр Келсинбеков октябрь айында Польшанын Белосток шаарында өткөн Кыргызстан, Азербайжан, Белоруссия, Бразилия, Эстония, Грузия, Индия, Иран, Италия, Израиль, Латвия, Литва, Молдавия, Монголия, Нидерланды, Польша, Россия, Сербия, Словакия, Түркмөнстан, Украина, Уругвай, Өзбекстан, Зимбабве баш болгон 24 өлкөдөн 90 балбан катышкан алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 100 килограммга чейинки салмакта дүйнө чемпиондугун утуп, алтын медалга ээ болуп, кыргыздын намысына жарап келди.

ОшМУнун жамааты мындай ийгилик менен кайтып келген Кадыр Келсинбековду жеңиши менен жылуу куттуктады жана колдоо иретинде быйылкы окуу жылындагы келишимдик акыдан бошотуу боюнча чечим кабыл алынгандыгын белгиледи.  Ал эми ОшМУдагы алыш күрөшү боюнча федерациянын машыктыруучусу Абдыманап Исраиловго ыраазычылык айтылып, министрликтин сыйлыгына көрсөтүлөөрү маалым болду.

Белгилей кетсек,  Келсинбеков Кадыр  Россия Федерациясынын Казань шаарында 2 жыл мурун өткөн XXVII дүйнөлүк жайкы универсиадада күрөштүн классикалык стили боюнча 100 киллограммдык салмакта катышып,   коло медалды тагынып келген.