Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун орошон талантынын жеке концерти

        Ушул жылдын 9-декабрында С.Ибраимов атындагы Ош шаардык улуттук драма театрында Ош мамлекеттик университетинин тарбия иштери боюнча Департаментинин кызматкери, администратвдик башкаруу персоналынын профбюросунун төрагасы. Орошон талант Равшан Момуновдун  шаардыктарга тартуулаган “Ыйлаба, ыйлабачы, булуттарым!” аттуу  чыгармачылык концерти  жогорку деңгээлде болуп өттү.                          

         Буга чейин деле Ошто өткөн көптөгөн салтанаттарга, кечелер менен тойлорго ОшМУдагы Асанкалыйыңарды чакырып бербейсиңерби деп суранып профсоюз комитетине кайрылгандардын болуп келгени эле Равшан Момуновду талант катары баалагандардын  катары арбып бараткандыгынан кабар берип турчу.  Анткени чынында эле Равшан өз репертуарларында көбүнчөсү кыргыз элинин бүтүндөй кыйырына аттын кашкасындай таанымал ырчы, обончу Асанкалый Керимбаевдин “Ак булуттар”, “Муңдашым Мунар, кайдасың?”, “Кусалык”  ж.б. чыгармаларын эсте каларлык деңгээлде аткаргандыгы менен таанылып келген.                                                                                                 

         Концерттин куттуктоо бөлүгүндө Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков анын дарегине жылуу сөздөрүн айтып, Ардак Грамота тапшыруу менен окуу жайыбыздын ректораты, профсоюз комитети жана “Бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарган ырыскылуу, ынтымактуу жалпы  кызматкерлери менен студенттер  жамаатынын моралдык да, материалдык да колдоосу көрсөтүлгөндүгүнө токтолду.  Буга кошумча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан келген өкүл Камчыбек Досматов “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы” төш белгисин такса, Ош шаардык Кеңешинен келген өкүл Ардак Грамотасын, Равшандын туулуп өскөн Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнөн келген өкүлдөр акчалай сыйлыктарын  тапшырышты.                                                                                                                

         Андан ары концерт уланып, кыйладан бери мындай мазмундуу түзүлгөн программадагы  жана жалаң гана жандүү үн коштогон концертти сагынып калган көрүүчүлөрдүн, Равшандын аккордеондо чеберчилик менен кол ойнотуп жандуу үн менен аткарган ырларына, абаны тунжурата созолонткон обондоруна, романтикалуу коңур добушуна күбө болгон элдин кубанычы ашып-ташып турду десем, ашыктык кылбас.                    

          Бул концерттин алып баруучусу, белгилүү куудул Тынар Курбаналиев тамаша көрүп көңүл ачып кетүүгө келгендердин маанайын андан бетер шат кылып, арачолодо орду менен боорду эзген турмуштук сатираларын кыстара коюп, убакыттын кантип өткөнү деле байкалбай калды.                                                                                     

            Концерт соңуна чыгып, көрүүчүлөр ордуларынан жапырт туруп, бирок адаттагыдай жарышып сыртка умтулушпастан кыйлага чейин кетпей, минтип ОшМУнун босогосун аттап  маданияттын мындан аркы кең айдыңына кадам таштаган сахнадагы  Равшан Момуновго жана ага катарлаш турган эл сыйлап урматтаган таланттар Айпери Кулбаева, Түмөнбай Колдошев, Жыпар Нуракова, Нурзат Айдаркулова,  Медер Матаев, Эламан Жалалов,  Дайырбек у., Каныбек Куштар Ташматовго жана “Жигер” чыгармачыл борборунун өкүлдөрүнө,  жаш өнөр адамдарына шык-дем берип дүркүрөтө кол чабышып,  ыраазычылыктарын билдиришти.

ОшМУнун профсоюз комитети