Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун аялдар Кеңеши “Биз кайрымдуубуз» аттуу фонд уюштурушуп, «Боорукердик» үйүндөгү аксакалдардан кабар алышты

ОшМУнун аялдар Кеңешинин төрайымы жана  бардык факультеттердин  аялдар  кеңештери  өз демилгелери    менен  «Биз  кайрымдуубуз» аттуу  фонд  уюштурушту. 

 

Алгач аялдар Кеңешинин мүчөлөрү  өз эсептеринен фондго 8000 сом акча каражатын жыйнашкан, ал каражатка  кышкы жылуу кийимдерди алышып  24-ноябрь күнү Ош шаарындагы «Боорукердик»  үйүндөгү аксакал аталардан, энелерден кабар алышып, белектерин беришти.

 

Ошондой эле алардын маанайын көтөрүү максатында   ОшМУнун таланттуу студент улан-кыздары акардеондо созолонто ырдашып, «Наздеми»  бийчилер тобу бийлешип карыяларды кубандырса,    ОшМУнун   «Доор»  бийчилер тобу “Кара жорго” бийин бийлеп   концертти шаңга  бөлөштү.

 

 “Аталган иш чарага ОшМУнун аялдар Кеңешинин курамынан сырткары  таланттуу студенттерибиз да  катышып  жагымдуу маанай тартууланды. Апалар жаштыгын эстеп кубанышып,  көздөрүнө жаш алып ыраазычылыгын айтышты. Биздин суранычыбызды четте калтырбай, убактыларын кайрымдуулук ишине жумшаган концерттик программаны тартуулаган студенттерибизге,  өзгөчө  сырттан  келип катышкан   «Наздеми»   бий тобунун  кыздарына  жалпы аялдар кеңештеринин атынан  ыраазычылык  билдирем. Мындай кайрымдуулук иштерин жасоо ар бирибиздин милдетибиз, андыктан жаштардын да мындай иш чараларда салымдарын кошуп жаткандыгы бизди кубандырат”, -деди ОшМУнун аялдар кеңешинин төрайымы  Гүлнара Сейитказыева.