Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУнун окутуучу кызматкерлеринин ХХХI спартакиадасы өткөрүлдү

2023-жылы ОшМУнун окутуучу кызматкерлеринин ХХХI спартакиадасы өткөрүлүп, ага спорттун 7 түрү: волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, тогуз коргоол, ордо жана шахмат оюндары боюнча катышышты.

Профессордук-окутуучулук курамдын  ортосунда өткөн спартакиаданын  байге фонду 100 миң сомду түзүп, окуу жайдын бардык факультеттеринен, колледждеринен, мектеп-лицейлеринен командалар жигердүү катышышты.

Аталган иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Кожобеков катышып,кичи футбол курама командасы “Супер лигада” финалга жолдомо алгандыгын жана  “ОшМУ-Алдиер” кесипкөй футбол клубу чоң оюндарда өзүн мыкты деңгээлде көрсөткөндүгүн айтып өтүп, спорттук мелдешке жигердүү катышкан окутуучуларга ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдирди.  

“Университет-ОшМУ” волейбол кесипкөй кыздар  клубу кыз-келиндер арасындагы клубдар аралык чемпионатында жана КР волейбол боюнча Президенттин кубогунда 2 ирет жеңүүчү,  жана ошондой эле ОшМУнун “Университет-ОшМУ” волейбол кесипкөй балдар клубу 2023-жылдын чемпиону аталды.

Спартакиаданын жыйынтыгында командалык эсеп боюнча I орунду Индустриалдык-педагогикалык колледж, II орунду STEM инновациялык колледжи, ал эми III орунду Бизнес жана менеджмент факультетинин  командалары ээледи. 

Сыйлоо аземинде спорттук мелдеште мыктылыгын көрсөткөн катышуучуларга “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты коргоочу” номинациялары ыйгарылды.  

Жеңишке жеткен командаларды ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э.Саттаров, кесиптик бирлик комитетинин жана окуу жайдын дипломдору, кубоктору жана акчалай сыйлыктары менен сыйлады.

 

Маалыматты даярдаган:  ОШМУнун кесиптик бирлик комитети