Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУдан Лейлек гимназиясына белек

Ош мамлекеттик университети Лейлек районундагы новатор, жаңычыл, көрүнүктүү изденгич мугалим Гапыр Маданимовдун №3 эксперименталдык гимназия мектебине белек жөнөттү.

 Гапыр Мадаминов  өз демилгеси менен ачкан Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 гимназиянын директору болуп иштеп, ал  мектептердеги бир топ проблемаларды, окуучулардын билимге болгон кызыгуусу, ата-энелердин көӊүл бөлүүсү төмөндөп калган мезгилде, ушул көйгөйдөн чыгуу максатында элет жеринде өз демилгеси менен гимназия, проблемалык лаборатория ачып, педагогикалык эксперимент жүргүзүп, анын натыйжалуу болорун далилдөөнүн үстүндө эмгектенип келет.

         Балдарга билим берүүдө бир топ маселелердин үстүндө иш алып барып келе жаткан Гапыр Маданимовдун №3 эксперименталдык гимназия мектебине  ОшМУ бүгүнкү заман талабына ылайык балдарга билим берүүгө салым кошуучу электрондук доска, компьютер, проектр белекке берди.