Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда ЖМК ортосунда уюштурулган кичи фубол боюнча мелдеш өттү

Ош мамлекеттик университетинде Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) ортосунда кичи футбол боюнча ОшМУнун ректорунун кубогуна арналган мелдеш 11-апрель күнү уюштурулду.

Мелдештин ачылуу аземи  Юго-Восток кичи шаарчасында жайгашкан ОшМУнун Табият таануу жана география факультетинин футбол аянтчасында башталып, ага ОшМУнун ректоратынан өкүлдөр, ЖМКлардын курама командалары, футбол күйөрмандары катышышты.

“ЖМК өкүлдөрү, кесиптештер бардыгыныздарды бүгүнкү спорт майрамы менен жалпы ректораттын, кубоктун ээси ректорубуз К.Исаковдун,  ОшМУнун жалпы коллективинин жана студенттеринин атынан чын дилден бүгүнкү спорт майрамыңыздар менен куттуктайм. Журналистика коомдо төртүнчү бийлик деп айтылып келет.  Сиздердин ишиңиздер өтө жооптуу, сиздер коомдо пикир жаратуучу негизги бийлик болуп эсептелесиңер. Сиздердин жооптуу жана маанилүү ишиңиздерде ийгиликтер коштосун.  ОшМУ спортко, ден соолукка чон көңүл бөлүп келе жатат, аны өзүңүздөр жакшы билесиздер. Учурда бир топ спорттук аянчаларыбызды модернизациялап, жаңы аянчаларды куруп ишке берип жатабыз. Бүгүнкү оюн достуктун данакери болгон мыкты оюндардан болсун”, -деди ОшМУнун  окуу иштери боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев.

Жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташууну күчөтүү, алардын эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоо, окуу жайлардын маалымат жана медиа кызматкерлеринин коомчулук менен байланышын өркүндөтүүнү максат кылган мелдеш окуу жайдын эки спорт аянтчасында өттү. Ошентип жарым чейректик финалга “Б” тайпасынан ЭлТР менен КТРК чыкса, “А” тайпасынан “Ынтымак” менен “Башат” командалары чыгышты. Жалпы жыйынтык боюнча биринчи орунду “Ынтымак” КРТРКсынын командасы,  2- орунду  “Башат”, 3-орунду ЭлТР, 4-орунду КТРК командалары ээлешип диплом, акчалай сыйлык, кубок менен сыйланышты.

Ошондой эле Жаныбек уулу Алтымыш  (Башат ТВ)- “Эң мыкты оюнчу”, Шанаев Канат (Ынтымак)-“Эң мыкты чабуулчу”, 
Асан уулу Чыныбек (КТРК)-“Эң мыкты коргоочу”,
Эгембердиев Фархад (7-канал) -“Эң мыкты дарбазачы” номинацияларына ээ болушуп диплом, акчалай сыйлыктарга ээ болушту. 

Белгилей кетсек,  аталган мелдешке Ош шаарындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынан сырткары КТРКнын Оштогу бөлүмүнөн, Жалал-Абад облусунун келишкен  ЖТР жана 7-каналдын, Ош Улуттук драм театры менен Куурчак театрынан, жогорку окуу жайлардын маалымат жана медиа кызматкерлеринин   жалпысынан 13 команда катышышты. 

Бул саамалык журналисттер ортосунда  3 жылдан бери өтүп, ар бир иш-чара 3 айда бирден уюштурулуп келет. Бул жолу ОшМУ эстафетаны ЭлТР КТРКсынын жамаатына өткөрүп берди. Эстафетаны алган  ЭлТР КТРКсынын генералдык директорунун орун басары Султан Абдырахманов “ОшМУнун жалпы жамаатына жалпы журналисттердин атынан ийгилик каалайбыз, ооматыныздар ашсын.  Бүгүнкү күндө 13 команда болсо, келечекте 30 команда болуп, жалпы Кыргызстан боюнча журналисттердин башы бириксе.  Сиздер менен дайыма өнөктөш болуп келгенбиз, бүгүн ушул жерде көчөттөй болуп турган ар бир балабыз, биздин эртеңки массалык маалымат каражаттарынын туткалары. Бүгүн досутукка, биримдикке, бириңиздерге болгон ынтымакка ширелишкен достук менен кетиңиздер бул жерден. Достук болгон жерде ийгиликтер коштойт”, -деген тилегин билдирди. Оюндун уюштуруу ишин ОшМУнун студенттик “Нур” гезитинин редактору Улукбек Омокеев алып барды.