Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда мугалимдердин кесиптик майрамына карата салтанат өтүп, мыктылар сыйланды

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош мамлекеттик университети салтанаттуу жыйын уюштуруп, ардактуу кесип ээлерине сый-урмат көрсөтүлдү.

            Жыйынды ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, адамдарды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерине жакшы ой-тилектерин билдирди. Андан соң университетте акыркы окуу жылында окутуучуларга түзүлгөн шарт, жасалган камкордуктар, келечек максаттар жөнүндө айтып өттү.

            Билим берүүдө өзгөчө эмгектери менен айырмаланган профессордук-окутуучулук курамдын айрым мүчөлөрүнө КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, Ош шаардык мэриясынын сыйлыктары жана окуу жайдын өзүнүн  акчалай сыйлыктары, ардак грамоталары тапшырылды.

            Кеченин калган бөлүгүн ОшМУнун таланттарынын майрамдык концерти коштоду.

Эске сала кетсек, ОшМУда 66 илимдин докторлору, профессорлор, 365тен ашуун илимдин кандидаттары, доценттер, 30дан ашуун Кыргыз Республикасынын илимине, билим берүүсүнө, саламаттыкты сактоосуна, маданиятына, спортуна эмгек сиңирген ишмерлер, 3 Эл артисти, 2 Эл сүрөтчүсү, 2 Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын академиги, 2 Улуттук академиянын мүчө-корреспонденттери эмгектенишет.