Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда мектеп окуучулары үчүн атайын кышкы лагерь уюштурду

Ош мамлекеттик университети мектеп окуучулары үчүн кышкы эс алуу мезгилинде атайын кышкы лагерь уюштурууда.

Лагерь 18-24-январга чейин 1 жумага пландаштырылып, анда окуучулар ОшМУнун бардык факультеттери, колледж, лицейлери, институттары,  адистиктери, материалдык-техникалык базасы, эл аралык байланыштары тууралуу кеңири маалымат ала алышууда. Кышкы лагерге келген  окуучулар үчүн өздөрү кызыккан тиешелүү предметтер боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо жүргүзүлүүдө. Мындай иш аракет университет тарабынан демилгеленип учурда математика, физика, орус тили, кыргыз тили, англис тили, тарых жана башка предметтер боюнча сабактар улантылууда. Алар тиешелүү предметтер боюнча тест тапшырып, кызыктуу интерактивдүү сабактарга да катышууда.