Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда көп тилдүү билим берүүнү пландаштыруу боюнча семинар болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинде "Көп тилдүү билим берүүнү пландаштыруу жана жайылтуу программасы” деген темада семинар болуп өттү. Аталган семинарга  факультеттердин декандары жана кафедра башчылары, окутуучулар катышышты.

 Семинар  Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ),  КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, “Ирет” коомдук бирикмеси, Социалдык интеграциялоо борбору тарабынан уюшутурулуп, анда ОшМУда көп тилдүү билим берүү боюнча жүргүзүлүүчү пландык иш-аракеттер талкууланды. 

 Семинардын катышуучулары университеттин заманбап адистерди даярдоосуна бул программа көмөктөш болоорун билдиришти.