Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда К.К.Юдахиндин 125 жылдыгына арналган республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү

Ош мамлекеттик университетинде улуу түрколог, академик К.К.Юдахиндин 125 жылдыгына жана “Кыргызча-орусча сөздүктүн” 50 жылдыгына арналган  «Мамлекеттик тил – мамлекеттүүлүктүн негизи” деген аталыштагы республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Жыйынды ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев алып барды. Ал кириш сөзүндө конференциянын катышуучуларын  куттуктап, Константин Кузьмич Юдахиндин кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы чоң экенин, анын түзгөн кыргыз-орус, орус-кыргыз сөздүктөрү азыркы күнгө чейин өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, кыргыз элинин көп колдонгон китебине айланганын белгиледи жана университетте мамлекеттик тилди өнүктүрүү багыттындагы жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Ошондой эле кыргыз адабиятын жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Э.Эрматовго “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” төш белгисин тапшырды.

Конференцияга улуттук тил комиссиясынын төрагасы, акын Эгемберди  Эрматов,  Кыргызстан элдери Ассамблеясынын төрагасы, академик Бектемир Мурзубраимов,  КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүгүнөн,  Ош шаардык мэриясынан, Ош облусундагы жана Ош шаарындагы мекеме ишканалардан, билим берүү мекемелеринен, ЖОЖдордон өкүлдөр, илимпоз-окумуштуулар, студенттер катышышты.

Жыйын КРнын мамлекеттик  Гимнин жана КРнын мамлекеттик тил Гимнин жандуу аткаруу менен башталды. Куттуктоо сөздөр айтылып, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон мекеме-ишкана, билим берүү мекемелеринин, жогорку окуу жайлардын кызматкерлери Мамлекеттик тил комиссиясынын төш белгиси, Ош облусунун, Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланды.  ОшМУдан дистанттык окутуу жана мамлекеттик тил боюнча проректору О.Шаимкулов, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окутуучусу, профессор Т.Нуруев, Чет тилдер факультетинин деканы С.Калыгуловаларга мамлекеттик тил комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгилери тапшырылды.

Пленардык жыйында куттуктоолор менен биргеликте мамлекеттик тилдин изилдениши жана актуалдуу маселелери, мекеме-ишканалардагы мамлекеттик тил маселелери, кыргыз тилин жана адабиятын окутуу методикасы, көп тилдиүү билим берүүнү өнүктүрүү, кыргыз адабиятынын актуалдуу маселелери талкууга алынган докладдар окулду.  Жыйын чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды жана  конференцияга карата атайын китеп көргөзмөлөрү  уюштурулду.

Конференциянын кийинки бөлүгү  секцияларда улантылып жыйынтыгында конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

Кошумчалай кетсек,  жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Э.Эрматов КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүгүнө,  Ош шаардык мэриясына, Ош мамлекеттик университетине, Ош облустук жазуучулар союзуна  жаңы басылып чыккан 5 килограммдык салмактагы  Константин Юдахиндин "Кыргызча-орусча сөздүгүн"  белекке тапшырды.