ОшМУда «Бир оор жолдун үч ашуусу» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү
Ош мамлекеттик университетинде 24-март күнү Тарых жана маданият жылынын алкагында «Бир оор жолдун үч ашуусу» деген аталыштагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференцияга КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Т.Ашымбаева, т.и.к., профессор К.Молдокасымов, ОшМУнун ректору, профессор К.Исаков, университеттин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер катышышты.
Конференциянын жүрүшүндө тарыхчылар К.Молдокасымов «Тарых жана маданият жылында аткарылуучу иш-чаралар», С.Арстанбеков «Аксы окуясы-эгемендүү Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөрдүн башаты», С.Смадияров «Март элдик революциясынын себептери жана Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы орду», Р.Авазбек уулу «2010-жылдагы Апрель революциясынын себептери жана сабактары» деген темалардын алкагында баяндамаларды жасашты.
Белгилей кетсек, илимий-практикалык конференциянын негизги максаты жаштарга тарыхты туура жеткирүү, алардан сабак алуу болуп саналат.