Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда билим алып жаткан 36 студентке социалдык стипендиялар ыйгарылды

 3-декабрь–майыптардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан 36 студентке социалдык стипендиялар берилип, сый тамак уюштурулду.

            Ош шаардык Кеңешинин депутаты, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Ош шаарындагы материалдык жактан жардамга муктаж,  ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 5 жарандын үйлөрүнө барып, ал-акыбалын сурап материалдык жактан колдоо  көрсөтүп келди. Ошондой эле 1-декабрь күнү Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектебинде “Биз дүйнөнү жүрөгүбүз менен көрөбүз” деген аталыштагы иш чарага катышып, жылуу сөздөрүн айтып 45 миң сом өлчөмүндө, ал эми Ош шаарындагы көзү азиз жана дүлөйлөр коомуна 7 миң сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөттү жана мындай мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга материалдык-моралдык жактан колдоо көрсөтүп, жакшы сөзүн айтуу, аларга көңүл буруп, даректүү жардамдарды көрсөтүү ар бир инсандын парзы экендигин белгиледи.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга университеттин бардык факультеттеринде, колледждеринде, жатаканаларында түрдүү иш чаралар уюштурулуп, моралдык, материалдык жактан колдоолор көрсөтүлдү.

            Кошумчалай кетсек, ОшМУда билим алып жатышкан  мүмкүнчүлүгү чектелген  студенттерге студенттердин абалын эске алуу менен атайын комиссиянын чечимине ылайык келишимдик акыларына 10%дан 50% чейинки жеңилдиктерди берип келет.