Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда «Ак ниет» стол теннис спорт клубу ачылды

Ош мамлекеттик университетинде «Ак ниет» стол теннис спорт клубунун ачылуу аземи болуп, ага ректор Каныбек Исаков, Ош шаары жана Ош облусундагы стол тенниси боюнча федерациянын президенти, т.и.д, профессор И.Кенжаев, профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты. Ошол эле учурда атайын профессионал клубдар ортосунда мелдеш өтүп, мелдешке Бишкек, Ош, Баткен, Өзгөн, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Суу, Көк-Жаңгак шаарларынан келген  8 команда катышышты.

         «Ак ниет» стол теннис спорт клубунун ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн окуу жай жетекчиси стол тенниси учурда дүйнө жүзү боюнча өнүгүп жаткан спорттун түрү болуп саналат. Биздин окуу жайда да ушул спорттун түрүнө  кызыккандар  арбын. Андыктан биз стол теннисин өнүктүрүү боюнча бир топ иш аракеттерди жасап, керектүү каражаттар менен камсыздап келе жатабыз. ОшМУда «Ак ниет» стол теннис спорт клубу мындан ары өнүгүп-өсүп, мыкты теннисчилерди  тарбиялоого салымын кошо берсин деген тилегин билдирди.

         Профессионал клубдар ортосундагы оюнга республикалык деңгээлдеги калыс, башкы машыктыруучу Доорон Маматов калыстык кылып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок, диплом, акчалай сыйлыктар ыйгарылат.  

         Белгилей кетсек, быйылкы жылы Ош мамлекеттик университети спорт клубга түштүк регионунда жападан жалгыз болгон автоматтык машыктыруучу столду сатып алып берген.