Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда айлык акылар жогорулады

ОшМУда жыл сайын профессордук-окутуучулук курамдын, окуу-көмөкчү персоналдардын, административдик чарба кызматкерлердин айлык акылары көтөрүлүп келүүдө.

Быйылкы жылы да ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, кызматкерлери ноябрь айынан баштап негизги кызматтык окладына буга чейинки кошулган стимулдардан сырткары негизги кызматтык окладына 50% кошулган эмгек акыларды ала баштады.

ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков айлык акылардын жогорулашы боюнча: “Профессор, окутуучуларыбыздын, кызматкерлерибиздин ишке болгон кызыгууларын арттырып, социалдык абалдарын жакшыртуу үчүн жыл сайын финансы булактарын сарамжалдуулук менен пайдаланып университеттин окутуучуларынын айлык акыларын жогорулатуудабыз”,-деди.

Кошумчалай кетсек, декабрь айында ар бир кызматкерге жаңы жылдык сыйлык акчалар  төлөнүп берилет.