Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда Нооруз майрамы белгиленди

2023-жылдын 21-мартында Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата иш-чаралар өткөрүлдү. Салтанатка келгендерди КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Б.Төрөбаев, Ош  шаарынын мэри Б.Жетигенов куттуктады. Салтанатка көргөзмө-жарманке ачылып, анда улуттук тамак-аштын түрлөрү коюлуп, ишкерлер, сүрөтчүлөр жана кол өнөрчүлөр өз эмгектерин тартуулашты.

Жарманкеге ОшМУнун кесиптик бирлик комитети, мугалимдер, студенттер катышып, сүмөлөк жана кыргыздын улуттук тамак-аштары тартууланды. Жыл сайын белгиленип келген Нооруз майрамы бул жылы да өзгөчө жана шаңдуу маанайда өттү.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети