Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУда ардагер окутуучуларга жана кызматкерлерге сый көрсөтүлдү

ОшМУда эмгектенип жаткан жана эс алуудагы 500дөн ашуун ардагер окутуучуларга, кызматкерлерге жана ардагер студенттерге сый кече уюштурулду.

Карылардын Эл аралык күнүнө карата ар жылы салтка айланып өткөрүлүп келген иш-чара окуу жайдын ректораты, кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулуп, ардагерлерге арналып дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, ар бирине акчалай сыйлыктар берилди.

Кечеге ОшМУнун медицина факультетинин кечки бөлүмүнүн фармацевтика адистигинде 3-курста окуп жаткан ардагер студент Мамат Кулматов, искусство факультетинин киноакадемиясынын 1-курсунун студенти Жамбыл Камчиев да конок катары чакырылды.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров, Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Карап Зулпукаров, ардагер аксакалдар Салы Каримов, Курманалы Матикеев, Арап Анарбаевдер өмүрүн, жаштыгын, эмгегин ОшМУга арнаган агай-эжекелерди, кызматкерлерди майрам менен куттуктап, ден соолуктары чың, өмүрлөрү узун болуусун, университеттин ийгиликтеринде дайыма баш болуп, калыс пикирлерин айтып, жаштарга өрнөк болуп жүрүүсүн тилешти.

Майрамдык кече ОшМУнун искусство факультетинин таланттуу агай-эжейлеринин, студенттеринин концерттик программасы менен коштолду.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети