Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ журналисттерди телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамааты 8-декабрь телевидение жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт!

Бул майрамдын урматына бүгүн 8-декабрь күнү университет менен кызматташып, коомдук, маданий-массалык иш чараларды, сыймыктуу агай-эжекелерди жана талантуу студенттерди коомго чагылдырып берип келе жаткан мамлекеттик жана жергиликтүү телевидение жана радиолордо эмгектенген журналисттерди ОшМУнун ректору Каныбек Исаков куттуктап журналисттердин коомдук пикирди, ойду калыптандырууда орду чоң экендиктерин айтып журналисттик изденүүлөрү, чыгармачылыгы, коомдук турмушту реалдуу чагылдыруудагы кошкон салымдарын белгилеп сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле ОшМУ менен жакындан кызматташып келген мыкты 3 журналист, 3 операторду Кытайдын белгилүү шаарларына жайкы лагерге жөнөтүү пландаштырылып жаткандыгын билдирди. Салтанатта журналисттер менен биргеликте операторлордун да эмгеги зор экендиги айтылып, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, Ош мамлекеттик университетинде 1998-жылдан бери «Үмүт” телестудиясы иштейт. Телестудия университетте болуп жаткан жакшы саамалыктарды жарыялоо, таланттуу студенттерди элге тааныштыруу, окутуу, тарбиялоо жараяндарына жакындан көмөктөшүү максатын көздөйт. Окуу жайдын журналистика адистигинин студенттерине билим берүүдө да телестудия практикалык таяныч болуп келет. Учурда телестудияны Айпери Керезбек кызы жетектеп, жумасына бир ирет 30 мүнөттүк программа менен ишемби, жекшемби күндөрү ОшТВ аркылуу эфирдик берүүлөрдү чагылдырып келүүдө.