Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы 12 мектепке “Электрондук мектеп” программасынын сертификаттарын тапшырды

Ош мамлекеттик университетинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына караштуу шаардык, райондук 20 ашык  билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ошондой эле 73 мектеп директорлору, Ош облустук Билим берүү институтунун директору, студенттер жана мектеп бүтүрүүчүлөрү катышышкан жыйын болуп өттү.

Алгач келген коноктор менен тааныштырган  ОшМУнун ректору  Каныбек Исаков “Биз буга чейин мектеп менен жогорку окуу жайлары бири-бирибизди билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдө күнөөлөп келсек, эми мындан ары эриш-аркак, биргеликте, чогуу чаран кызматташчу учур келди. Биз өткөн жылы мектеп менен ЖОЖдун байланышын чыңдоо багытында иштерибизди жандандыралы деп ушул жерде жолугушуп, пикир алышканбыз. ОшМУга окуучулары эң жогорку балл менен өткөн мектептердин рейтингин чыгарып, мектеп директорлорун, райондук, шаардык билим берүү башкармалыктар менен кызматташуу багытында келишимдерге кол койгонбуз.   Быйылкы жылы да биз бул иш чарабызды кайра уюштуруп, мектептердин рейтингин чыгардык, ошондой эле университет мектепке эмне бере алат деген суроонун алкагында иш алып бардык. Быйыл биз “Билим”, “Ыйман” лицейлерин электрондоштуруп, окуу куралдарын электрондук китепке өткөрдүк. Бүгүн биз мектепке жардам катары чыныгы жан жигери менен иштеп, окуучуларга татыктуу  билим берип, жогорку көрсөткүчтөрдү жаратып, окуучулары жогорку балл менен бюджеттик негизде билим алып жаткан алдыңкы мектептерге “Электрондук мектеп”, программасын акысыз пайдаланууга укук берген сертификат менен сыйлайлы деп турабыз”,- деди.  

         Жыйындын алкагында  ОшМУнун жогорку окуу жайларга чейинки даярдоо департаментинин директору Абдумалик Омаралиев “2013, 2014-жылдарда ОшМУга ЖРТнын негизинде гранттык орундарга кабыл алынган студенттердин санына жараша мектептердин рейтинги” деген аталышта, ал эми ОшМУнун окуу-информациялык департаментинин директору Кудайберди Кожобеков “2015-жылы ОшМУдагы электрондук информациялык ресурстардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү”,  ОшМУнун “Билим” лицейинин директору Кыялбек Акматов “ОшМУнун мектеп-лицейлериндеги “Электрондук мектеп” долбоорунун ишке ашышы боюнча маалымат”  деген темаларда презентация жасашты.

Чыгарылган рейтингге ылайык мектеп окуучуларына сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымы үчүн Ноокат районунун “Билимканасынын” мугалимдер жамааты I  даражадагы диплом, компьютер, Ноокат районундагы А.Парпиев орто мектебинин мугалимдер жамааты II даражадагы диплом, компьютер, Баткен районундагы  Кара-Токой орто мектебинин мугалимдер жамааты II даражадагы диплом, баалуу телевизор, Ош шаарынын №6 А.С.Макаренко мектеп-гимназиясы  II даражадагы диплом, телевизор, Кадамжай районунун №17 Кадамжай орто мектеби III даражадагы диплом, телевизор, Кара-Суу районунун №28 “Учар” орто мектеби III даражадагы диплом, телевизор, Ош шаарындагы №4 Киров мектеп-гимназиясы  III даражадагы диплом, телевизор  менен сыйланышты.

Ал эми Ош шаарындагы “Олимп” мектеп-гимназиясы, №18 А.Новои мектеп-гимназиясы, №23 Панфилов орто мектеби, №20 орто мектебинин жамааты жана Кара-Суу районундагы №61 К.Жакыпов мектеп-интернаты, №86 Курманжан датка орто мектеби, Чон-Алай районундагы С.Осмонов атындагы орто мектеби, Алай районундагы Мамат Ташиев орто мектеби, Ала-Бука районундагы №6 орто мектеби, Базар-Коргон районундагы №22 Тагай уулу Камал орто мектеби, Ош областындагы №28 У.Салиева атындагы лицей- интернаты ОшМУнун электрондук китепканасынан жана “Электрондук мектеп”  программасын акысыз пайдаланууга укук берген сертификат менен сыйланышты. Ал эми  Баткен облусунун Лейлек районундагы №3 мектеп-гимназиясынын мугалимдер жамааты ОшМУнун электрондук китепканасынан жана “Электрондук мектеп”  программасын акысыз пайдаланууга укук берген сертификат жана интерактивдик доска, диапроектор жана персоналдык компьютер менен сыйланды. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына караштуу шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына ОшМУнун логотиби түшүрүлгөн маркердик доскалар тапшырылды.

         Белгилей кетсек, былтыркы жылы уюштурулган жыйындын жүрүшүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков аталган үч облустан пилоттук 3 мектепти тандап алып электрондук башкарууга өткөрүп, электрондук мектеп түзүп берүү жагын ОшМУ  колго аларын айткан болсо, быйылкы жылы ал демилге ишке ашып, 12 мектепке ОшМУнун электрондук китепканасынан жана “Электрондук мектеп”  программасын акысыз пайдаланууга укук берген сертификаттар ыйгарылды. Келген коноктордун атынан сөз сүйлөгөн Баткен областынын Лейлек районундагы №3 мектеп-гимназиянын директору Гапыр  Мадаминов Каныбек Исаков жетектеген Ош мамлекеттик университети республикадагы бардык жогорку окуу жайларга үлгү болуучу ишти жасап жаткандыгын айтып, ыраазычылык сөзүн жолдоп, “Ыраазычылык кат” тапшырды.

         Эми  “Электрондук мектеп”  программасын иштетүүгө укук алган ар бир мектептин окуу процесси автоматташтырылып, ар бир ата-эне өз баласынын билим деңгээлин, мектеп жетекчилеринин, мугалимдердин аткарып жаткан иштеринен интернет аркылуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ошондой эле бардык окуу куралдарын электрондук варинтта пайдалана алышат.