Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«ОшМУ мырзасы -2024»

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине карата “ОшМУ мырзасы -2024” кароо-сынагы өттү.  

Жобого ылайык, университеттин факультет жана колледждеринен мыкты деп табылган 13 мырза ат салышты.  Аларга окуу жайдын тарбия иштери боюнча проректору А.Н. Мапаева ийгилик каалады.

Кароо-сынакка жалпысынан 700дөй көрүүчү-күйөрмандар келишти. Салтанат мыкты деңгээлде өтүп, калыстар тобу жеңүүчүнү аныкташты. Жеңүүчүлөргө  профсоюз  комитети  тарабынан  “Артанбап”  эс алуу  борборуна  акысыз  5 жолдомо  жана  акчалай  сыйлыктар  берилди.

«ОшМУ мырзасы-2024»  кароо-сынагынын жеңүүчүсү-индустриалдык педагогикалык колледждин 2-курсунун студенти Эркебеков Нурсултан;

«ОшМУнун күчтүү мырзасы-2024» - табият таануу жана агрардык технологиялар факультетин 3-курсунун студенти Женишбек уулу Байел;

«ОшМУнун таланттуу мырзасы-2024» - МИТ факультетинин 4-курсунун студенти Амирбек у Рамазан;

«ОшМУнун стилдүү мырзасы-2024» - STEM инновациялык колледжинин 2-курсунун студенти Кошунбаев Байел;

«ОшМУнун инстаграм мырзасы-2024» - Мединцина факультетинин 2-курсунун студенти Ташиев Сыймык;

«ОшМУнун интелектуалдуу мырзасы-2024» - Мединцина факультетинин 2-курсунун студенти Ташиев Сыймык;

1-орун — Тарых жана социалдык иштер факультетинин 2-курсунун студенти Алимов Абдрахман;

2-орун— Мед. колледжинин 2-курсунун студенти Анарбеков Манас;

3-орун— Искусство факультетинин 1-курсункн студенти Шайырбеков Сайфидин
Байге ээлерине жана катышуучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУ кесиптик бирлик комитети