Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОшМУ ардагер эжейлерди куттуктады

8-март - Аялдардын эл аралык майрамынын урматына Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Э.Саттаров окуу жайда көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан ардагер эжейлерди куттуктады.  

ОшМУда эмгектенген ар бир эжейдин билим берүүдө, жаштарды тарбиялоодо, университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдарын айтып, майрамдык белектерди тартуулашты.

Ардагер эжейлер окуу жайга жана кесиптик бирлик комитетине ыраазычылык сөздөрүн айтып, окуу жайда өсүп-өнүгүү болуусун тилек кылышты.  Мындай майрамдык кече жыл сайын жетекчилик тарабынан уюштурулуп келет.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети