Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош шаарында Россиянын жана Кыргызстандын окуу жайларынын көргөзмөсү болду

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ош шаарындагы «Единство» коомдук фонду менен биргеликте уюштурулган «Россиянын жана Кыргызстандын окуу жайларынын көргөзмөсү» деп аталган көргөзмө болуп жатат. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирет.

         Көргөзмөгө Томский политехникалык университети, Томский мамлекеттик университети, Кемерова тамак-аш, өнөр-жай технологиялар  институту, Томский башкаруу системасы жана радиоэлектроника университети, Ыраакы-чыгыш мамлекеттик университети, Россия мамлекеттик социалдык университети жана Ош гуманитардык-педагогикалык институту коюлуп, мында окуу жайлардын мүмкүнчүлүктөрү, билим берүү базалары боюнча сөз болуп жатат.

         Сөзгө чыккан «Единство» коомдук фондунун директорунун милдетин аткаруучу Сернецкий Олег Богданович, ОГПИнин ректору Зулуев Бекмурза Бекболотович келген окуучуларды куттуктап окуу жайлар менен тааныштырып кетишти.

Эскерте кетсек, иш-чара 23-24-октябрь күндөрү болуп, жалпы 53 мектептин окуучулары катышты.