Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош шаарында «Кызматкерлердин укугу жана кызыкчылыктары, жарандык коомдук уюмдардын ортосундагы байланыш» деген темада тегерек стол жана семинар өткөрүлдү

      Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош жана Баткен областтык комитеттеринин кызматкерлери жана мамлекеттик эмес бейөкмөт уюмдардын катышуусунда 2016-жылдын 24-25-ноябрында Ош шаарында Борбордук Азиядагы ИНТРАК  уюмунун өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасындагы Ф.Эберт фондунун өкүлчүлүгү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан тегерек стол жана семинар уюштурулуп өткөрүлдү.Семинардын ачылышына Ош шаардык мэриясынын кызматкери, билим жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагасы А.Тойгонбаев катышып куттуктоо сөз сүйлөштү.  

     Аталган семинарда билим берүү кызматкерлеринин укугу жана кызыкчылыктарын коргоодо аткарылып жаткан иштер жөнүндө Баткен областтык профсоюз комитетинин төрагасы З.Бөтөков кеӊири презентация жасап маалымат берди. Ошондой эле мамлекеттик эмес бейөкмөт уюмдардын катышуусунда мындан ары укукттук жактан кандай иштерди алып баруу жагы талкууланды.

     Баткен областынан барган билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун лидерлери семинарды уюштурган Борбордук Азиядагы ИНТРАК  уюмунун өкүлчүлүгүнө, Кыргыз Республикасындагы Ф.Эберт фондунун өкүлчүлүгүнө жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетине ыраазычылык билдиришет. 

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Баткен областтык комитети.