Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ОШ ШААРДЫК КОМИТЕТИНИН БИЛИМ, ИЛИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ПРОФСОЮЗУ МАРАТ ИСАЕВДИ СЫЙЛАДЫ

Ушул жылдын 11-февралында Москва шаарындагы метронун рельсине кулаган аялды куткарып калган Марат Исаев ата-энеси менен Москвадан Ош шаарына келип,  жакын туугандары, санаалаштары менен жолугушту.

          Анда Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрөгасы А. Балтабаев жана Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы К. Кимсанов жолгушууга барып атасы Исаев Орозматты жана апасы Уметкулова Дамираны Билим берүү тармагындагы окуу-тарбия иштериндеги үзүрлүү эмгеги жана Мараттай эр жүрөк уулду тарбиялап өстүргөндүгү үчүн ардак грамота жана акчалай сыйлык менен сыйлашты. Айта кетсек Марат Исаевдин ата энеси Ош шаарындагы №21 мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери болуп эмгектенишет.

Эскерте кетсек, буга чейин Президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 100 миң сом акчалай сыйлык,алтын  саат, Москвадагы кыргыз элчилигинин атынан ыраазычылык кат жана Москванын мэри С. Собяниндин колунан да сыйлык алган.