Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын 2014-жылдын 1-ЖАРЫМ ЖЫЛДЫГЫНДА аткарган иштери жөнүндө тексттик МААЛЫМАТЫ

 

Ош шаарынын билим берүү мекемелери жөнүндө маалымат

 

 

2011-2012-окуу жылы

2012-2013

окуу жылы

2013-2014-

окуу жылы

 

Мектептердин саны

56

 57

60

 

Окуучулардын саны

47491

49431

53000

1813 кл. комп

Орто мектептер

55

56

59

 

Толук эмес орто мектептер

1

1

1

№44

Быйылкы жылы толук эмес

 

 

 

№11,12,53 ,

Быйыл  11- класстары жок

 

 

 

27, 46, 48, 49

Окутуунун тили боюнча:

 

 

 

 

 Окутуу кыргыз тилиндеги мектептер

15

13

14

 

Окутуу  орус тилиндеги мектептер

10

12

12

 

Окутуу өзбек тилиндеги мектептер

20

6

4

 

Эки тилде окутуучу мектептер

11

24

28

 

/ч тилде окутуучу мектептер

-

2

2

№8,23

Лицеилер

3

3

3

Салиева, Сема, Себат

Гимназиялар

19

19

20

 

Гимназиялык классы бар мектептер

3

4

4

№30,31,41, 52

Мектеп-интернаттар

2

2

2

№11, көзү, азиз, начар көргөн балд

Көмөкчү мектеп

1

1

1

№12.

Жеке менчик мектептер

6

6

6

Сема, Себат, Илим, Агахан, Грамотей, Светоч

«Мектеп-ЖОЖ» комплекстери

-

-

-

 

Сырттан окуу бөлүмдөрү бар

19

13

10

№1,3,5,9,19,21,23,

26,42,50

Бала бакчалардын жалпы саны

35

41

52

 

Мамлекеттик бакчалардын саны

30

31

32

 

Жеке менчик бакчалардын саны

5

10

20

 

Ведомстволук балдар бакчалар

3

3

4

№21, 22, 31, 61

«Мектеп-бала бакча» комплекстери

 

2

3

№17, 22, 43

Адистештирилген балдар бакчалары

4

3

3

№25 «Ак тайлак»

№36 «Балакай»

№37 «Байчечекей»

Санатордук типтеги

2

2

2

№29 «Дарман»,

№40 «Наристе»

Инклюзивдик багытта

1

1

1

№30 

           Шаардагы 59 мектептин ичинен 20 орто мектеп  мектеп-гимназия  статусун алган,  4 мектепте гимназиялык класстар  ачылган,  2 кыргыз-түрк лицейи, 4 менчик мектеп иштейт.  Кыргыз-түрк лицейлеринде (Сема, Себат) 1260 окуучу, менчик мектептерде (Илим, АгаХан. Светоч, Грамотей)1251  окуучу билим алат.

            Шаардагы 10 мектепте (№1,3,5,9,19,21,23,26,42,50) сырттан билим берүүчү класстар ачылып, аларга  2782 окуучу тартылган.

Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында көзү азиз жана  начар көргөн  балдардын мектеп-интернатына 101, №12 – көмөкчү мектепке 134 окуучу кабыл алынган.

                           Мектептерди компьютерлештирүү.

           Мектептерди жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин компьютерлештирүү заман талабынын негизгилеринин бири болуп саналат.

Шаардын жалпы билим берүүчү мектептеринде 743даана компьютер бар. Алардын ичинен 608 компьютер жаңы  үлгүдөгү компьютерлер болуп саналат. Мындан сырткары мектептерде  73 даана принтер, 19даана ксерокс бар. Учурда мектептердеги окуучуларды жаңы үлгүдөгү компьютерлер менен камсыз кылуу 38%ти түзөт.

Азыркы учурда шаардын мектептерине дагы 1000ден ашык жаңы үлгүдөгү компьютерлер керек.

2014- жылдын январь айында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын сайты ишке киргизилип, бардык билим берүү мекемелерине субдомен берилди. Азыркы учурда ондон ашуун мектептер сайттарын ачышты, калган билим берүү  мекемелери ишке киргизүүнүн аракеттерин көрүшүүдө. Мектептерде акылдуу такталарды (интерактивдүү доскаларды) өздөштүрүү аракеттери күч алууда. Азыркы учурда 10 го чукул мектептерде ишке киргизилди.

 

 

                             Окуучулардын билим сапатын жакшыртуу.

            Жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын билимин баалоо жана алардын билим сапатынын анализин чыгаруу маанилүү иш болуп саналат. Бул багытта шаардагы бардык мектептерде атайын иш чаралар түзүлүп, анын аткарылышы көзөмөлгө алынат. Окуу жылынын ар бир чейрегинин анализи педагогикалык кенешмелерде талкууланат.

 Акыркы үч-төрт жылдан бери  формалдуулукту жоюп, окуучулардын чыныгы билимин баалоого катуу аракеттер жасалууда. Шаардык билим берүү башкармалыгы мектептер тарабынан берилген билим сапатынын анализдерин кайра карап чыгып, анын кайтарымын коллегияда, ар түрдүү кеңешмелерде талкуулап, мугалимдердин формалдуу баа коюшуна тыюу салууда. Жаңы жылдан тартып билим сапатын жогорулатуунун үч жылдык перспективалык планы иштелип  иштелип чыгып, 2014- жылдын  январь декадасында  мектептердин директорлоруна,  окуу бөлүм башчыларына түшүндүрмө берилди жана ар бир мектепте окуучулардын билим сапатын жогорулатуунун үч  жылдык планын түзүп анын негизинде туруктуу иш алып баруулары милдеттендирилди. Ошону менен бирге билим сапатын жогорулатуунун мониторинги иштелип чыгып, шаардын мектептерине экспериментке коюлду.

       Шаардагы гимназия мектептеринин иш аракеттеринин натыйжалуулугу апрель айындагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Коллегиясында каралып,   мектептердин гимназия статусуна татыктуулугу боюнча тийиштүү иш аракеттерди жүргүзүү мектеп жетекчилерине милдеттендирилди.

 /стбүздөгү жылы  9- классты 4473 окуучу , ал эми 11- классты 1932 окуучу бүтүрүштү.   2014- жылдын 8- майында өткөрүлгөн артыкчылык аттестаты менен мектепти бүтүрүүчүлөрдүн тестине шаардан 46 окуучу катышып, алардын ичинен 20 окуучу артыкчылык аттестаты менен бүтүрүүгө татыктуу болушту.

 

  Учурдагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу  боюнча иш аракеттердин негизги   
                                                багыттары

- билим берүүнүн бирдиктүү критерийлерин түшүнүүнү калыптандыруу жана алардын чен өлчөмдөрүн тактоо;                                

 - мектептик билим берүү системасынын  маалыматтык, аналитикалык, эксперттик мониторингин камсыздоо;                                             

  - билим берүүнүн сапатын баалоонун бирдиктүү маалыматтык- технологиялык базасын түзүү;                               

 - билим берүүнүн сапатын жогорулатууга түздөн- түз таасир берүүчү факторлорду аныктоо;                                                    

 - ресурстук базасын түзүү  жана мектептин билим берүүчүлүк статистикасын, билим берүүнүн сапатынын мониторингдеринин иш аракеттеринин жүргүзүлүшүн камсыз кылуу;                                                                                                          - окуучулардын жекече жетишкендиктерин өзгөчө колдоого алуу багытында  билим берүү кызматкерлеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу;                                                                                                                                                                                       - билим берүүнүн сапаттуулугун баалоо маселесиндеги стратегиялык чечимдерди кабыл алууда коомдук эксперттердин, айкындуулуктун, коллегиалдуулуктун механизмдерин колго алуу;                                                                                                      

  - сапаттуу билим берүүгө кызыктыруу максатында педагогдордун чыныгы рейтингдерин  чыгарып, ошонун негизинде  сапаттуу билим берүүсүнө жараша айлык акыларына кошумча акы төлөөнү жолго коюу;                                                                   

 -мамлекеттик  «Сапаттуу билим» программасынын негизинде окуучулардын билимин баалоонун жаңы системасына өтүү (диагностикалык баалоо, формативдик баалоо, суммативдик баалоо).                                                                                                                                                             

     

 Мектептерди адистер менен камсыз кылуу

 Мектептерди адистер менен камсыз кылуу багытындагы максаттуу иш аракеттердин натыйжасында бул проблема чечилди десек да болот.

-окутуу кыргыз өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде адистер 100% га камсыз болушкан. Ал эми окутуу орус тилиндеги мектептерде адистер менен камсыз болуу -98 % түзөт. Ал мектептерде математика, физика , география, башталгыч класстар , дене тарбия мугалимдери жетишпейт (24)

Билим берүү мекемелеринде жаш адистердин кесиптик деңгээлдерин өнүктүрүүгө багытталган оптималдуу шарттарды түзүүнүн аракеттери көрүлүүдө. Шаардык мэрия жана депутаттардын шаардык кеңеши  жаш адистерге жеке үй куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү аракеттери көрүлүүдө. 500 мугалимге жеке үй куруу максатында жер участокторун бөлүп берүү боюнча Ош шаардык мэриясынын чечими чыгарылды.

 Ошондой эле билим берүү кызматкерлери жыл сайын бир жолудан  милдетүү түрдө амбулатордук медициналык кароодон  акысыз өтүп турушат.

 

 

 2014-   жылдагы  мектеп окуучуларынын олимпиадасы  

 

2013-2014- окуу жылындагы  мектеп окуучуларынын олимпиадасы  Ош шаарында 5 баскыч менен  өткөрүлдү:

1-мектептик  баскыч 2013- жылдын 29-30- ноябрь күндөрү бардык мектептерде өткөрүлдү, жалпы катышуучунун саны -5898.

 

2-аймактык баскыч  2013- жылдын 22-декабрда 5 аймакта:

1-Аймак  Амир Темур № 22 мектепте.

2-Аймак Ак Буура № 18 мектепте .

3-Аймак  Достук  № 26 мектепте.

4-Аймак Сулайман Тоо  № 20 мектепте

5-Аймак Жапалак   № 31 мектепте.

Шаарыбыздын чыгаан  160 мугалими  аймактык олимпиадага катышкан 2040 окуучунун тапшырмаларын түзүү үчүн комиссиянын курамын түздү.

 

 3-баскыч шаардык олимпиада  2014- жылдын 14 –январында №17 Гагарин мектебинде өткөрүлүп, 805 окуучу  катышты.

9- класстын окуучулары- 275,

10-11- класстын окуучулары – 530.

Өткөрүлгөн шаардык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча

 9-класстар  боюнча  байгелүү орундардын саны- 58.

10-11- класстар боюнча байгелүү  орундардын саны-182.

Шаардык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча   805 окуучудан  240 окуучу жеёүүчү деп табылды.

 

4-баскыч регионалдык, башкача айтканда республикалык олимпиадага тандоо баскычы 2014- жылдын 28- февралынан 1- мартына чейин №4 мектепте  өткөрүлүп,176 окуучу катышты. Алардын ичинен  1- орунга ээ болгон 34 окуучу, өткөн окуу жылында 1- орунга ээ болгон 4 окуучу, жалпы 38 окуучу.

        5- баскычка Ош шаарынан 38 окуучу   Республикалык олимпиадага  жолдомо алышты.

Алар: - КТЛ Сема  - 10 окуучу

- КТЛ Себат -   8 окуучу

-Олимп мектеби - 5 окуучу

- № 52 мектеп-  4 окуучу

-№ 4 мектеп- 3 окуучу

- Билим лицейи -3 окуучу

- №20 мектеп – 2 окуучу

- №18 мектеп – 2 окуучу

-№ 6 мектеп- 1 окуучу.

 

   Ош шаарынын вице мэри Эргешов Ильич Салыевичтин катышуусу менен 2014- жылдын 20- мартында №52 мектептин базасында шаардык, регионалдык  олимпиаданын  жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар жана аларды мыкты даярдаган предметтик мугалимдер  шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан   157880    сомдук Ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен  сыйланышты.

Шаардык олимпиадада 1- орунга ээ болгон  9-класстардын  окуучуларынын сүрөттөрү алардын билимге болгон кызыгуусун мындан ары дагы арттыруу максатында  Ош шаарындагы  Курманжан Датка, Ленин, Масалиев көчөлөрүндөгү жарнак щиттерине Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан  илинди.

2014- жылдын 27- март күнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана Ош шаардык мэриясынын колдоосу менен атайын авто унаалар уюштурулуп жол кайгуул кызматынын көзөмөлү менен   Ош шаарынын вице мэри Эргешов Ильич Салыевич баш болгон кызматкерлер Республикалык олимпиаданын катышуучуларына ийгилик каалап,  салтанаттуу узатуу болду. Бул аземге коомчулук, ата-энелер катышып каалоо тилектерин айтышты.  

30- март дем алыш күнү болгондугуна байланыштуу  ар бир областтын , шаардын 

окуучулары каалагандай дем алышты. Ошол күнү  Ош шаардык билим берүү башкармалыгы  тарабынан   олимпиаданын катышуучуларына   эсте калаар күн тартууланды. Анткени, атайын  автобус уюштурулуп, балдар,жетекчилер  Ата Бейитке  саякатка чыгышты, ал жердеги тарыхый окуялар менен атайын экскурсоводдун жетекчилиги менен кенири таанышышты. Андан ары Бишкек шаарындагы «СЕКОМ» билим берүү борборуна  саякатта болуп, акысыз түшкү тамактануу уюштурулду. Түштөн кийин  эс алуучу жайларда атракциондордо  ойношуп, Россия кинотеатрына  киного киришти.Республикалык олимпиадада 1- орунга ээ болгон окуучулар «Марал»  радиосунан  интервью беришти.

31- март күнү А.Малдыбаев атындагы  опера жана балет театрында Республикалык олимпиаданын жабылыш салтанаты болуп өттү.

Ош шаарынан биринчи орунга  8 окуучу, экинчи орунга 2 окуучу, 3- орунга 2 окуучу  ээ болуп  команда байгелүү орунга жетишти.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана  илим министринин орун басары  Назаркул Ишекеевич    «Сапаттуу билим берүү- өлкөнү бекемдөөнүн  жана анын келечегин  камсыз кылуунун ыйык багыты» болгондуктан байгелүү орундардын санына эмес, сапатына өзгөчө көнүл бурулуу зарыл экендигин белгиледи:

 

 

 Шаар  область

1-орун

2-орун

3-орун

Жалпы баллы

 

Ош шаары

8

 

2

2

30

Ыссык Көл

4

 

3

7

25

Баткен

3

 

4

6

23

 

 

2014- жылдагы Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы:

                                                     

Кыргыз Республикасында Жалпы Республикалык тест (ЖРТ)  жүргүзүү демилгеси  билим берүү жана илим министрлиги тарабынан  2002- жылы  сунуш кылынган.

АКШнын өнүгүү боюнча  эл аралык агенттигинин ( ЮСАИД) каржылоосу менен Американын эл аралык билим берүү боюнча кеңеши (АКСЕЛС) тарабынан бүгүнкү күнгө чейин Жалпы Рееспубликалык тестирлөө  өткөрүлүп келе жатат.

2011- жылы КР нын билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен мамлекеттик жогорку окуу жайларынын (Менчик түрүнө карабай) гранттык, контрактык, сырттан окуу, дистанттык окуу бөлүмдөрүнө  окууга өтүү үчүн ар бир абитуриент ЖРТ тапшыруу милдеттүү болуп калды.

2012-2013- окуу жылындагы  мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн  жалпы саны -  3232, анын ичинен  сырттан окугандардын саны – 1157 болгон жана   Олимп мектебинин окуучусу Шайназарова Кызжибек  235  балл менен  “Өзгөчө сертификатка  ээ болгон, ал эми Кыргызстан боюнча “Өзгөчө сертификатка  ээ  болгондордун эн жогорку баллы 238 балл болгон.

 Өткөн окуу жылында гранттык орундарга негизги тесттин орточо баллы-145, контрактык орундарга 110 балл болгон.

2014- жылы ЖРТ катталгандардын  жалпы саны- 2727, алардын ичинен: мектеп окуучулары 1805 колледж, техникумдун бүтүрүүчүлөрү- 922.

2013-2014- окуу жылында Ош шаарында 11- классты бүтүрүүчүлөрдүн саны- 3056 болсо, анын ичинен сырттан окугандардын саны-1124.

2014- жылдагы ЖРТ нын көрсөткүчү боюнча “Өзгөчө сертификатка  ээ  болгондордун эн жогорку баллы 231 балл болгон жана Ош шаарынын Ага Хан мектебинин  окуучусу Кубанычбек кызы Диана 220 балл менен “Өзгөчө Сертификатка” жана КР дин президентинин 10 000 сом акчалай сыйлыгына  ээ болду.

Ошондой эле  208  баллга ээ болгон Олимп мектебинин окуучусу  Султанова Айшоола,   210 баллга ээ болгон КТЛ Семанын окуучусу  Жамалдин уулу Тойчубек 2014- жылдагы жалпы республикалык тесттеги эң жогорку натыйжасы үчүн КР дин президентинин “Мактоо Грамотасы”, нетбук жана 10000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

 Бул жылы Кыргызстан боюнча “Өзгөчө сертификатка  ээ  болгондордун эн жогорку баллы 231 балл болду.

Ош шаарынын абитуриенттеринин сертификаттарынын көрсөткүчтөрү боюнча

 80-90 балл алган окуучулар катталгандардын 70-80 % түзөт.

Гранттык орундарга негизги тесттин орточо баллы- 145-150,

 контрактык орундарга 105-110 балл болууда.

Ош шаарынын көрсөткүчү сертификаттардагы баллдар боюнча төмөндөгүдөй:

200 баллдан жогору  - 9

150 баллдан 200 баллга чейин – 177 окуучу.

 110 баллдан 150 баллга чейин – 307 окуучу

Эн жогорку көрсөткүчтү берген мектептер:

Олимп, АгаХан,КТЛ Сема, Себат,№ 3,4,5,6,7,14,16,17,18,20,32,42,50

 

                              Мектепке  чейинки билим берүү мекемелери

Бүгүнкү күндө Ош шаарында 33 мектепке чейинки билим берүү мекемелери иштеп жатат. Анын ичинен  29 бала бакча шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу, үчөө ведомстволук, бирөө  мэриянын карамагында.

 №21 бала бакча АО «Кыргызтелекомго»

№22 бала бакча  КРдин ички иштер министрлигине карайт  

№ 31 Ош мамлекеттик университетине караштуу

№61 бала бакча Ош шаардык мэриясына караштуу

 

 Шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 3 бала бакча

атайын адистештирилген, 2 бакча санатордук типте:

№25 «Ак тайлак» бала бакчасы көрүү жөндөмү бузулган балдар

№36 «Балакай» бала бакчасы сүйлөө кеби начар өнүккөн балдар

           №37 «Байчечекей» бала бакча дене түзүлүшү жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жана акыл- эси толук эмес балдарга багытталган

          Санатордук типтеги

                    №29 «Дарман», №40 «Наристе» балдар бакчалары (кургак учукка каршы)

           Инклюзивдик билим берүү багытында :

             №30 бала бакчада 13 (ДЦП) бала бар

Ош шаарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жалпысынан тарбияланып жаткан балдардын саны 11527, анын ичинен жеке шаар боюнча 2 жаштан 7 жашка чейинки балдардын саны 32138 ди түзүп, бакчага тартылбаган балдардын саны 19574гө жетти. Бакчага  39% бала тартылды.

1995-жылы  Ош шаарында 71 бала бакча болуп, кийинки беш  жылда беш бала бакча ачылды (№ 53, 60, 16, 31мурдагы жабылган, Төлөйкөндө №72 «Жеткинчек» бакчалары жаӊы ачылды).

Бакчалар альтернативдүү (Вариативдик модел) программалар менен иштеп жатат:

- «инклюзивдик»  билим берүү мектепке чейинки билим берүүнү калктын бардык жарды категорияларына чейин, анын ичинде майып балдарга да билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн ишке ашыруу максатында 1999-жылдан бери № 30 «Айданек» балдар бакчасында майып балдар тарбияланууда;

«кыска мөөнөттүү»  (3 сааттык) 2007- жылдан бери Ага-Хан фондунун жардамы менен № 69 «Мээрим » балдар бакчасында кыска мөөнөттө (3 саатык) мектепке даярдоочу программа менен социалдык жактан аз камсыздалган балдар менен  мектепке даярдоо иштери жүргүзүлүүдө ;

- «валеология» программасы менен № 61 «Журавушка» балдар бакчасыда 1997-жылдан бери Парфирия Иванованын системасы боюнча балдардын ден соолугун жаратылыш аркылуу чыңалдыруу иштери жүргүзүлүп келүүдө;

- «симеро» көп тилдүү программасы менен № 22 «Ак жолтой» балдар бакчасы

   2000- жылдан бери балдарды тарбиялайт;

- «энелер мектеби» программасы менен № 27 «Чабалекей», № 35 «Асан-  

   Үсөн», № 41 «Ак тилек», № 67 «Мөл булак» балдар бакчалары иштейт;

- № 53 балдар бакчасында (2 тайпада 60 бала )эки музыкалык тайпада музыкага шыктуу балдар тарбияланып билим алууда.

 

            2014- жылдын январь айынан бери жалпысынан 44 педагог Оштогу мугалимдердин билимин өркүндөтүү инситутунан курстан өттү.

Атап айтканда:  
Балдар бакчаларынын    жетекчилери                     10

                                             тарбиячылар                   34

 

Педогог – тарбиячылардын кесиптик  квалификациясы төмөндөгүчө ;  педагогдордун жалпы саны 424, анын ичинде атайын  мектепке чейинки тарбия адистигиндеги  жогорку билимдүү -35 (8.75 %); атайын мектепке чейинки тарбия адистигиндеги орто билимдүү -63 (15, 75 %) ; жалпы педагогикалык  адистиктеги жогорку билимдүү – 284 (66,9%); педогогикалык адистиктеги атайын орто билимдүү -6 (1,5 %); бүтпөгөн жогорку билимдүү -36 (9 %). Демек , таза тарбиячы –усулчу адистер 24,5 % түзөт, бала бакчаларды мектепке чейинки тарбия билими бар адистер менен камсыздоону эске алуу зарыл. Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү факультеттери жок.

 

Мектепке чейинки сапаттуу билим берүүнүн көйгөйлөрү :

 - мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги;

 - мектепке чейинки тарбия билими бар адистердин даярдалбай  жаткандыгы;

 - калктын бардык жарды категорияларынын жана майып  балдарга тарбия, билим алууга бакчалардын      
   жетишсиздиги;

 - штаттык бирдиктер боюнча кыскартылган кадрлардын ( медициналык  кызматкер, короо тазалоочу,      
   усулчулардын) жетишсиздиги;

 - мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ремонттоого жана чарба керектөөлөрү үчүн акча     
   каражатынын жеткиликтүү каралбагандыгы.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдарды тарбиялап- үйрúтүүдú вариативдик жана альтернативалык формаларын кеңейтүү.

 

Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү  үчүн билим берүүнүн ар кандай формалары менен иштөө зарыл:

- жеке менчик балдар бакчаларын ачуу;

- үй-бүлөлүк балдар үйлөрүн ачуу;

- жеке менчик жана мамлекеттик балдар бакчаларын ачуу

- альтернативдүү программалар менен иштөө.

- мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин түрлөрүн көбөйтүү;
 - ясли(6 айдан үч жашка чейин) тайпаларды ачуу;

  - ясли бакчаларын (6 айдан 7 жашка чейин) ачуу;

  - прогимназия – инновациялык мектептерде, гимназияларда, лицейлерде  окутуу үчүн балдардын ар    
   тараптан өнүгүүсүн камсыз кылуучу мектепке

    чейинки билим берүү уюмдарын түзүү;

- эне мектеби- кыска мөөнөттүү, интерактивдүү окутууну  камтыган  бакчаларга барбаган балдар үчүн   
   жана толук күн бара турган бакча ачуу;

- жамааттык бала бакча;

-  кыска мөөнөттүү (3- 5 сааттык) бакчаларды ачуу.

 

     Мектептен жана класстан тышкаркы иштерди жүргүзүү. 

                

-          Мектептердеги окуу-  тарбия иштерин жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуучулукту,

рекетчиликти, наркоманияны, жоопкерчиликсиздикти болтурбоо жана алдын алуу максатында 2013-2014 -окуу жылында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, мектептердин уставдарынын, КР нын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын, “Балдар жөнүндөгү” кодекстин негизинде  атайын Жобо бекитилип, билим берүү башкармалыгынын алдында ата- энелер комитетинин 13 кишиден турган ассоцияциясы түзүлгөн.

-         Бардык мектептерде жуманын ар шаршемби күнү “Ата-энелер күнү” деп жарыяланып,

мектептеги окуу - тарбия процессинин жүрүшү менен жакындан таанышып, мугалимдерге ар тараптан  көмөк көрсөтүү максатында  ар бир  мектепте “Ата энелердин” жана “Алдын алуу” кааналары  уюштурулду.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы, аймактык кеңештер,  участкалык тескөө

кызматкерлери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, коомчулук, мугалимдер жамааты жана массалык маалымат каражаттарынын катышуусу менен башкармалыктын карамагындагы  53 орто мектептерде 2013-жылдын  сентябрынан – октябрь айларына  чейин атайын бекитилген графиктин негизинде «Мектеп, ата-эне, коомчулук» социалдык өнөктөштүгүнүн алкагында ата-энелер конференциялары өткөрүлдү.

-         Шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте өспүрүмдөр арасындагы

кылмыштуулукту алдын алуу максатында Ош шаарындагы кылмышкерлерди убактылуу кармоочу жайына 1000  ден ашуун өспүрүмдөргө тааныштыруу профилактикалык иштери жүргүзүлүүдө.

-         Өспүрүмдөр арасындагы  “суицид” фактыларын болтурбоо алдын алуу максатында ар бир

кооптуу  психологиялык мүнөздөгү өспүрүм менен атайын адистер профилактикалык тест жана ангемелешүүлөрдү ай сайын жүргүзүшүүдө.

-         Укук коргоо жана тескоо органдарынын катышуусунда мектептердеги жогорку класстарынын

окуучуларынын арасында “Рекетчилик деген эмне”, “Рекетчилик бул кылмыш”, “Сен рекетчиликкке каршы эмне кылдын?”, “Рекетчиликке каршы кандай салым кошо аласын” деген темада тегерек стол, жолугушуулар, дебат жана тренингтер өткөрүлүп, мектеп окуучуларынан анкеталар жана жекече ой пикирлери алынып, атайын мониторинг схемалары иштелип чыгылды.

-         Шаардагы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, рекетчиликти алдын алуу жана көчө

балдарын аныктоо   максатында Ош шаардык мэриясы, ички иштер башкармалыгы, билим берүү башкармалыгы жана социалдык жактан коргоо башкармалыгы менен биргеликте 2013-жылдын 9 айынын аралыгында  “Допинг”, “Өспүрүм”, “Беспризорник”, “Камкордук”, “Мектепке багыт”, “Антирекет”, “Лидер” аталыштагы  рейддер өткөрүлдү. Ош шаардык прокуратурасынын “Мыйзам бузууларды чететтүү” жөнүндөгү сунуш каттарынын негизинде шаардык мэриясынын колдоосунун алдында шаардагы 12 аймактык кеңештин өкүлдөрү менен биргеликте  кароосуз калган балдар боюнча статистикалык  маалыматтар изилденип, билим берүү башкармалыгынын коллегиясында талкууланды.

-         Мектептердеги өспүрүмдөр арасындагы рекетчиликтин айрым элементтерин көзөмөлдөө, алдын

алуу максатында башкармалыктын буйругунун негизинде мугалимдер жана ата-энелердин өкүлдөрү менен биргеликте мөөнөтчүлөр дайындалып, жуманын ар шаршемби күндөрү жыйынтыгы чыгарылып, класстык сааттарда жана педагогикалык кенешмелерде талкууга алынууда.

-         Өспүрүмдөр арасындагы мыйзам бузууларга каршы өткөрүлгөн прфилактикалык иш чаралардын

негизинде 2012-2013 – окуу жылында “рекетчилик”, мектеп окуучуларынын арасында  “суицид”   фактылары катталган жок. Бул багытта Ош шаардык мэриясынын, ички иштер башкармалыгынын, билим берүү башкармалыгынын атайын биргелешкен иш-чарасы бекитилип, учурда жаш өспүрүмдөр арасында  кылмыштуулукка, укук бузуучулукка жана рекетчиликке каршы  “Мектеп, ата-эне жана коомчулук” социалдык өнөктөштүктүн алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тескөө органдары жана ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып барылууда.

                          2013- 2014- окуу жылында да бул иш аракеттер катуу көзөмөлдүн алдында жүргүзүлүүдө. 2014- жылдын 4- февралында шаардагы №38 Барпы атындагы орто мектебинде билим берүү мекемелеринин жетекчилери, ата-энелер комитеттеринин, аймактык кеңештердин жана ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен балдар, өспүрүмдөр арасында укук бузуучулуктун алдын алуу багытында башкармалыктын кеңешмеси өткөрүлдү.

        2014- жылдагы Ош шаарын 2017- жылга чейинки  өнүктүрүүнүн планына шаардык билим берүү башкармалыгынан 7 чоң долбоор сунушталып, бардык сунуштар Ош шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан жактырылып, планга киргизилди.

       2014- жылдын 29-30- майында “Тарбия жана мектеп - бекем мамлекет” аттуу темада Республикалык илимий- практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга Кыргызстандын бардык аймактарындагы чыгармачыл педагогдордон 61 докладдар келип, андан 34 докладдар  мааниси боюнча жактырылып, конференцияга талкуулоого сунушталды. Докладчылар  тарбия маселесин андан ары өнүктүрүү багытындагы өз көз караштарын талкууга коюшуп, тийиштүү жыйынтыктар боюнча жалпы кайрылуу кабыл алышты.

 

                                          Окуучуларды акысыз тамактандыруу

 

 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы  «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде башталгыч   класстардын окуучулары үчүн тамактандырууну уюштуруу» жөнүндөгү №372    Жарлыгын ишке ашырууда Ош шаардык билим берүү башкармалыгында бекитилген иш пландын негизинде тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүп жатат. 

  2012-2013- окуу жылына Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 52 мектептин башталгыч класстарынын 20548 окуучуларына акысыз тамактандыруу уюштурулган.

-   1-4- класстардын окуучуларына акысыз тамактандырууну уюштуруп,   көзөмөлдөөнүн персоналдык жоопкерчилигин күчөтүү максатында жана  даамы, сапаты Мамлекеттик Стандартка ылайык келген азык-түлүктөрдү өз убагында график боюнча жеткирилип туруусун көзөмөлдөө үчүн  Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары А. Акжолов башында турган комиссиянын курамы түзүлгөн;

-  Камсыздоочулар тендердик шартты бузуп, өз убагында сапаттуу азык-түлүктөрдү график боюнча жеткирбесе, даамы, сапаты Мамлекеттик Стандартка ылайык келбесе акт түзүп, Ош шаардык санитардык көзөмөлдөө   ишканасына химиялык анализге жөнөтүп, шаардык билим берүү

башкармалыгына жооптуу кызматкерлер билдиришет;

-   Мектептердин тамак ашты сактоо бөлмөлөрүндө жана ашканаларында санитардык-гигиеналык нормалардын сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүү  максатында ашкана эмеректерин тазалоо үчүн дезинфекциялоочу каражаттар   менен камсыздалышкан;

-    Ашкананын жумушчуларын медициналык кароодон өтүүлөрү көзөмөлдөнүп, санитардык китепчелери такталган;

-   Ар токсон сайын Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Коллегиясында,  Педагогикалык кеңештерде, ата-энелер чогулушунда 1-4-класстардын окуучуларын акысыз тамактандыруу жөнүндөгү маселелери каралып турат.                                                                                                              

    Мектептин ашпозчуларына тамак берилүүчү жайларда кытай азык-түлүктөрүн сатууга тыюу салынган. Алар ашкананын тазалыгын санитардык талаптын деңгээлиндеги абалда кармап, муздаткычтарда жеңил тамактын күнүмдүк пробаларын  сактайт. Азык-түлүктөрдү, кондитердик шириндиктерди санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөөдөн өткөрүп, сертификаттарын такташат.

-Тендер өткөрүлгөн мөөнөттөн кийинки бир жума аралыгында азык-түлүк менен камсыздоочулар Саламаттыкты сактоо министрлигинин тамак аштын сапатын жакшыртуу жөнүндөгү токтому менен тааныштырылды.       

-Мектептерде графикке ылайык тамак-аш жумасына 5 жолу алып келинип, азык-түлүк менен камсыздоочулар тамак ашты өз убагында камсыздап турушат.

- Мектептин ашканалары 350 миң сомдук  муздаткычтар менен электро плиталарга, ал эми окуучуларды дайыма  кайнатылган суу менен камсыз кылуу максатында 142миң 500 сомдук электро самоварлар алып берилди.

Балдар бакчалары 270 миң сомдук идиш –аяк менен камсыздалды. Ар бир айда бала бакчалар үчүн 10600 сомдон  мектептер үчүн 50000 сомдон залалсыздандыруучу каражаттарга акча бөлүнүүдө.  2012-жылы 289625 миң сом  акысыз тамактандырууга ,ал эми 2013-жыл үчүн 34012600 сом бөлүнгөн.                                                                                                  

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2014- жылдын январь, май айлары үчүн  Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептердин 1-4 класстарынын окуучуларына шашке чайды уюштурууга 26.111904  миң сом каражат бекитилди жана ар бир окуучуга 7 сомдон сарпталууда.

 

Мекемелер

19343 окуучу

 

1

Ос.ОО «Сладок»

  4052

2034669

2

ОАО «Ош-сүт»

 1461

2352635

3

Ч.П «Арапбаева»

  4265

2141624

4

0с00. Х.К «Оржемиль»

  4448

2372007

5

А.О. «Гүлазык»

  4177

209743636

6

Ф.х. «Дастан »

бардык мектептерге

413083

7

ЧП “Арзиев”

940

442671

 

Жыйынтыгы

19343

26.111904

 

       Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринде башталгыч    класстардын окуучулары үчүн тамактандырууну уюштурууну жакшыртуу жана балдардын ден-соолугун чыңдоо, йод менен камсыз болгон азыктар менен камсыздоо максатында төмөндөгүлөрдү сунуштайбыз:                                 

       1.    Азык-түлүктөрдүн кымбаттап жаткандыгына байланыштуу жана     

             окуучуларды сапаттуу азык оокат менен камсыздоо максатында

             күнүмдүк норманы  жергиликтүү бюджеттен 15 сомго чейин көтөрүү керек болууда.               

  1. Акысыз тамактандыруу 52 мектепте уюштурулган,  анын ичинен :                                                                                                                                       35  мектепте ашканада,  12  мектепте буфетте ,    2 мектепте класста ,                                                                                                                                     3 мектепте  актовый залдын бурчунда тамактанышат                                                                   ошондуктан ашкана куруу зарчылыгы турат.  
  2. Тез бузулуучу азык – түлүктөрдү сактоо үчүн 24 муздаткычтар менен камсыз кылуу.
  3. Балдарга акысыз тамактануунун эсебинен берилген шашке чайдын ордуна ысык тамакты уюштуруу максатка ылайык.
  4. 5.     Ысык – тамактарды жасоо үчүн 19 даана электр плиталары     менен камсыздоо зарыл.

                                

                                         Усулкананын аткарган иштери

 

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулканасы 5 багыт боюнча иш алып барат:

1. Усулдук жардам берүү;

2. Өз билимин өркүндөтүүсү;

3. Уюштуруу иштери

4. Чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу;

5. Жаш мугалимдер менен иш алып баруу.

 

1.Ош шаардык билим берүү башкармасынын 2014-жылдагы январь усулдук секциясынын өткөрүлүшүнүн жыйынтыгы жөнүндө

 

 Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын 2013-жылдын 31-декабрындагы №203  буйругуна ылайык Ош шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин, мектепке чейинки жана мектептен сырткары билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин Январь усулдук декадасы  2014- жылдын 8-9-10- январь күндөрү Ош шаарындагы №17, №4 ,№23 гимназия мектептеринин жана №41, № 66 балдар бакчаларынын базасында бекитилген графиктин негизинде өткөрүлдү.

Усулдук декада Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын инновациалык технологияларды жайылтуучу ресурстук борборлорунун кызматкерлери, окумуштуулардын, чыгармачыл мугалимдердин жана өкмөттүк эмес уюмдардын катышуусу менен өткөрүлдү.

Январь усулдук педагогикалык окуусун уюштуруу 3 этап менен өткөрүлдү.

  1. Шаардык предметтик усулдук бирикме  жетекчилеринин жаңы технологияны окуу процессине киргизүү, 2013-2014-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгына карата окуу программаларын талкуулоо жөнүндөгү усулдук чогулуш;
  2. Алдыңкы иш тажрыйбаны жайылтуу боюнча бардык секцияларда бирден чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбасынын негизинде семинарларды уюштуруу жөнүндөгү усулдук диолог;
  3. Окуу предметтери жана билим берүү багытындагы секциялык иштер графиктин негизинде өткөрүлдү.

Бардык усулдук секцияларда 2013-2014-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын  окуу планы укук ченемдүү документтер  колдонмого  алынды. Ар бир усулдук секцияда мугалимдердин усулдук паспортун түзүү сунушталды жана колго алынды.

Ошондой эле  предметтик усулдук  секцияларда шаардык  билим берүү башкармалыгынын адистери жана секция жетекчилери тарабынан сунушталган темалар боюнча кызуу талкуулар жүргүзүлүп, окуу жараянында кездешкен көйгөйлөр талкууланды. 

   Жалпылап алганда 2014-жылдын январь усулдук окуусу  жогорку уюшкандыкта өттү деп эсептөөгө болот. Бирок декаданы уюштуруп өткөрүүдө айрым кемчиликтерге да жол коюлду, тактап айтканда жалпы мугалимдердин 82.5 % гана секциялык ишке катышышты.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын коллегиясында «Билим берүү кызматкерлеринин январь декадасынын жыйынтыгы жөнүндөгү» маселе каралып, коллегиянын чечиминин аткарылышы көзөмөлдөнүүдө. 

 

           Чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбасын жайылтуу:

 

2013-2014-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында  10  мугалимдин алдыңкы иш тажрыйбасы жайылтылса, ал эми экинчи жарым жылдыкта 47 мугалимдин иш тажрыйбасы 2014-жылдын 6- февралындагы  №15-б-02 Алдыңкы тажрыйбалардын көргөзмөсүн уюштуруу жөнүндөбуйругунун негизинде 2014-жылдын июль айына чейин бекитилген графиктин негизинде  туруктуу аракеттеги жаңыланып туруучу усулдук көргөзмө уюштурулду. 

“Ош шаардык билим берүү башкармалыгында 2014-жылдын 7-апрелинен 20- майына чейин өткөрүлгөн  Ош шаардык БББнын №47-б-03 “Жылдын мыкты мугалими- 2014”  сынагынын жыйынтыгын карап чыгарылды.

 ”Жылдын мыкты мугалими-2014” сынагында эң жогорку упайды топтоо менен жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөткөндүгү үчүн төмөнкү сынактын катышуучулары  баалуу белектерге жана Ардак грамоталарга төмөнкү мугалимдер  сунушталды:

1. Музулманов Мелисбек №18 А.Навои атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими 1108 упай менен баш байгеге “Матиз” автоунаасына;

2. Кулмаматова Гулнара №16 мектебинин математика мугалими  826 упай менен биринчи орунга, 1- даражадагы диплом  жана эки камералык муздаткычка;

3. Жумабаев Эртөштүк №52 мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими 823 упай менен 2-даражадагы дипломго жана ноутбукка;

4. Адилова Севара №41 Х.Абдуллаев атындагы мектебинин башталгыч класс мугалими 758 упай менен 3-даражадагы диплом жана түстүү телевизорго.

4. Баш байгеге ээ болгон №18 А.Навои мектеп гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Музулманов Мелисбек  республикалык “ Жылдын мыкты мугалими- 2014 ”сынакка катышууга жолдомо алды.

     Жергиликтүү каржылоонун эсебинен 2014- жылдын январь айынан тартып, бардык усулчулардын айлык акыларына кошумча  3000 сомдон төлөнө баштады. 

“Жылдын мыкты мугалими-2014” сынагынын шаардык турунун 25 катышуучусунун педагогикалык философиясы жана иш тажрыйбалары атайын китепче (портфолио)  түрүндө чыгарылып, усулканада сакталууда.

                                   Өз билимин өркүндөтүүсү;

  • 2013-2014-окуу жылдын май айына чейин 399 мугалим план боюнча курстан өтө турган болсо. 375 мугалим өз билимин өркүндөттү  б.а. өз билимин өркүндөтүү 97.7 % түздү  жана   курстан кийин семинарлар уюштурулду.

 

  • Ошондой Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2013-жылдын 17-сентябрындагы №604-1 ”Окуучуларды класста баалоонун жаңы методдорун киргизүү аркылуу башталгыч мектепте берүүнүн сапатын жогорулатуу” жана ош шаардык билим берүү мектептеринде READ программасын ишке ашыруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Жалпысынан аталган программа боюнча үч (орус, кыргыз жана өзбек) тилде    шаардагы башталгыч класстарынын 211 мугалими семинарга катышып, сертификатка ээ болушту.

 

  • “Сабырдуулукту калыптандыруу (Тынчтык педагогикасы)” аттуу мугалимлер үчүн тренинг-

программага Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектеп мугалимдеринен жалпысынан 25 мугалим катышып, алардын ичинен 3 мугалимди Бишкек шаарына  өтүлүүчү беш күндүк  семинарга №18 А.Навои мектебинин мугалими М.Музулманов, №50 П.Нышанов атындагы мектептен К.Акматова жана №2 К.Маркс мектебинин соц.педагогу Э.Козуевалар катышып келишти. 

 

  • “Таалим-форум” коомдук фонду тарабынан усулдук семинар уюштурулду. “Таалим-

форум” коомдук фонду- экология жана маданият тармагындагы билим берүү багытында иш жүргүзгөн өкмөттөн жана коммерциядан тышкары уюм. Фонд ар түрдү билим берүү демилгелерин колдоо менен балдар үчүн билим берүүчү адабияттарды иштеп чыгуу жана басып чыгаруу иштери менен алектенгендигимаалымдалды. Азыркы учурда башталгыч класстардын мугалимдерине жардам иретинде мультимедиялык программа иштеп чыккандыгы тууралуу фондун кызматкерлери бет ачаар аземин 2014-жылдын 9-апрелинде Ош шаарындагы №17 Ю.Гагарин атындагы мектептин базасында  өткөрүштү.

-          Аталган иш чарага Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык тилде

жүргүзүлгөн башталгыч класстардын окуу бөлүм башчылары жана ар бир мектептен бирден башталгыч класс мугалимдери катышты. Катышуучулар мультимедиялык программалардагы темалар  менен таанышты. Бул темаларга ылайык тексттер, сүрөттөр, аудио жана видеолор,компьютердик технологиялардын жардамы менен иштелип чыкканын практикалык түрдө көрсөтүлдү.

-          Семинардын аягында мультимедиялык программа жана каалоочулар үчүн адабий китептер

жөнүндө маалыматтар  акысыз таркатылды. Жалпысынан шаардагы башталгыч класстарынын 95% мугалими катышты.

 

Уюштуруу иштери боюнча

 

  • Январь усулдук декадасында көрсөтүлгөн сунуштардын негизинде  ай сайын усулдук иштер өткөрүлүүдө т.а. экинчи жарым жылдыкта  жалпысынан 206 усулдук иш чара өткөрүлүп, анын ичинен усулдук семинар 18, предметтик  ачык сабактар 99, усулдук дебат жана диолог- 18 өткөрүлдү .

 

Мектептерде 1-декабрь бүткүл Дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата класстык тарбиялык сааттар, жат жазуу, дилбаян, тегерек столдор, плакат, санитардык баракчалардын конкурсу, пресс-конференция, КВН. дебат, агит бригадалар, ата-энелердин, окуучулардын арасында ВИЧ-СПИДдин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы  пландаштырылды. Жогорудагы иш-чараны аткаруу жоопкерчилиги  бала бакча жана мектеп директорлоруна жүктөлүп, сынактын жеңүүчүлөрү баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

  • Аялдардын 8- март Бүткүл дүйнөлүк эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы мекемелерде эмгектенген кыз- келиндер арасында борборлоштурулган стадиондо Волейбол, баскетбол   оюндары боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдешке Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерде эмгектенген аял мугалимлдерден түзүлгөн команда 16 шаардык командалардын ичинен биринчи орунга ээ болушуп, мактоо баракчасына ээ болушту.

 

  •  «Секом» окуу борбору тарабынан мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата 9-19-11- класстын окуучуларынын арасында дил баян сынагы болуп өттү. Сынакка 130дан ашуун окуучулар катышып, №7 мектебининн окуучусу  М.Нышанова, №18 Навои мектебинин окуучулары Эгемберди уулу Арген жана Бахтыяр уулу Нурсултан,  №38 Барпы мектебинин окуучусу Г.Абдыжапарова, №40 Королев мектебинин окуучусу  К.Маматеминовалар Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Сыйлоо аземи ЖК депутаты, билим берүү комитетинин төрагасы К.Осмоналиевдин катышуусунда өттү.

 

Мектептерди окуу китептери менен камсыздоо маселеси

 

Окутуу тилдери

Мектептин  фонду боюнча камсыз болушу %

Керекте -

лүүчү

китеп %

Ата-энелердин фонду боюнча камсыз болушу %

Керекте-

лүүчү

китеп %

Окутуу кыргыз  тилинде жүргүзүлгөн мектептер

89 %

11 %

90 %

10 %

Окутуу орус  тилинде жүргүзүлгөн мектептер

40 %

60 %

72 %

28 %

Окутуу өзбек  тилинде жүргүзүлгөн мектептер

58 %

42 %

66 %

34 %

Жалпы

62 %

38 %

76 %

24 %

 

2014- жыл ичинде КР нын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 626779,3  сом өлчөмүндө 8536 даана окуу китептери жана усулдук колдомолор алынды.

2013-2014- окуу жылында  жалпы жетпеген китептин саны- 219 600 даана китеп.

Анын ичинен:

Окутуу кыргыз тилиндеги мектептерге-12 600

Окутуу орус тилиндегит мектептерге- 133 000

Окутуу өзбек тилиндеги мектептерге- 74 000

2014- жылдын  27- майында  № 8 Горький  атындагы мектептин базасында  Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен «Биз  дүйнөнү китеп менен тааныйбыз» аттуу  иш чара болуп өттү.

Бугунку кундө  шаарыбызда 53 мектеп болсо,53 китепканада балдарды китеп дуйносуно тартууга аракеттерин аябай  эмгектенип келе жатышкан  китепканачылар  Ош шаардык билим берүү башкакрмалыгынын  Ардак Грамотасы  жана белектери менен сыйланышты.

 Иш чарага шаардык, областтык  жана балдар китепканаларынын жетекчилери, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын коллегиясынын мүчөлөрү, ата-энелер жана коомчулук катышышты.

«Адамдар китеп окуганды таштаса, анда алар ой ойлонуудан да калат»,

«Китеп майрам- жан дүйнөгө жакын майрам»,

«Улуттук маданияттын эң биринчи аспабы- китеп» деген темаларда көргөзмөлөр коюлду.

Шаарыбыздын  таланттуу балдары  «Китеп дүйнөсүн унутуп кайда баратабыз?»жана  «Китептин арманы» деген  көйгөйлөрдү  чагылдырышты

 Акыркы жылдары  Ош шаарынын окуучуларынын жайкы эс алуулары максаттагыдай уюштурулбай келүүдө. Анын негизги себеби 2010- жылдагы тополоңдо окуучулардын эс алуу лагерине качкындар келип жайгашып алышып, эмдигиче бошото элек.

  Ошондой эле 12 билим берүү мекемелеринин имараттары 2007- жылдагы катуу жер титирөөдөн жабыркаган, алардын айрымдарына өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан “жараксыз абалда” деген тыянактар да берилген. Бул имараттар 7-8 жылдан бери же бала окутулбай же бузулбай бекер тургандыгы өкүнүчтүү болууда. Бул имараттарды бузуп ордуна башка мектептерди куруу зарыл же бузуп ордун тегиздеп пайдалуу аянтчага айландыруу зарылчылыгы бар.

 

Ош шаардык билим берүү

 башкармалыгынын башчысы                                                        К. Кимсанов

 

Даярдаган: Көкөнов Б. Тел: 2-28-55