Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын 2013-2014- окуу жылында аткарган иштери жана жаны 2014-2015 окуу жылына карата милдеттер

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы Кыргыз Республикасынын конституциясынын мыйзамдарынын, «Билим берүү» жөнүндөгү мыйзамынын, мамлекеттик жана улуттук программалардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун, Билим берүү жана илим министрлигинин нормативдик иш кагаздарынын  негизинде окуу - тарбия иштерин жүргүзүүдө. 

 

2014-2015-окуу жылында шаарда 54000 окуучу тартылган  62 жалпы билим берүүчү мектеп ишке кирип жатат.

 

        Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караган мектептерди адис менен камсыз кылуу боюнча:

2014-2015- окуу жылында жалпы мугалимдин саны 3006 .Алардын ичинен «Эмгек синирген мугалимдин» саны- 15, «Эл агартуунун мыктысы»-467.

Аялдардын саны -2649,  эркектер-357 .Жогорку билимдүүсү- 2757, жогорку окуу жайын толук бүтө электер- 106, атайын орто билимдүү- 136, жалпы орто билимдүү- 7,пенсия жашындагылар-314.

Окутуу орус тилиндеги мектептерге 184 мугалим жетишпейт.

Окутуу кыргыз тилиндеги мектептерде   адис менен камсыз болуу 100 %, өзбек тилиндеги мектептерде 100 %.

 Окутуу орус тилиндеги мектептерде 98%

Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде  математика, физика, информатика,  биология, химия, география, башталгыч класс сабактарынан жалпы 55 мугалим жетишпейт.адис жетишпейт. Жетишпеген мугалимдердин ордун толуктоо жана окутуу процесин үзгүлтүккө учуратпоо максатында бүгүнкү күндө ОшМУ, Ош педагогикалык колледж жана башка жогорку окуу жайларынын 5 - курстун студенттери  жана пенсия жашындагы мугалимдер чакырылып сабак өтүлүүдө.

 

Окуу китептери:

 

2014 -2015 - окуу жылында  окуу китептери боюнча камсыз болуусу  65  %  түздү:

Окутуу кыргыз тилиндеги мектептерде -90 %.

Окутуу орус тилиндеги мектептерде - 42 %

Окутуу өзбек тилиндеги мектептерде - 62 %

Ал эми ата –энелердин фонду менен бирге  окуу китептери  менен камсыз болуу 80 % түзөт:

Окутуу кыргыз тилиндеги мектептерде  -90 %.

Окутуу орус тилиндеги мектептерде - 80 %

Окутуу өзбек тилиндеги мектептер- 70  %

Окуучуларды китеп менен камсыздоону жогорулатуу максатында бюджеттен тышкаркы акча каражатын табуу менен атайын долбоорлордун үстүнөн иштеп, Эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты күчөтүү иш чаралары жүргүзүлүүдө. Жаны окуу  жылынан ар  бир мектептин китеп фондуларын толуктоо, коомчулук арасында өз ара камкордукту күчөтүү жана кийинки муундарга камылга көрүү мээримин ойготуу максатында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен  сентябрь айынын үчүнчү жумалыгында “Китеп толуктоо акциясы”  өткөрүлөт.

 

Билим сапаты

  Шаардык билим берүү башкармалыгы мектептер тарабынан берилген билим сапатынын көрсөткүчтөрүн  анализдеп, анын жыйынтыктарын билим берүү башкармалыгынын коллегиядсында талкуулап, мугалимдердин формалдуу баа коюуларына тыюу салынууда.  

       Окуучулардын билим сапатынын  көрсөткүчү боюнча:

2012-2013-окуу жылында  49431 окуучу болсо:

«Эё жакшы» окугандардын саны- 2977 же 7,8 %.

«Жакшы» окугандардын саны- 11.230 же 29,4 %.

«Орто» окугандардын саны – 23098 же 60,5 %.

«Начар» окугандардын саны- 413 же 1,2 % көрсөткүчтү берип, билим сапаты 37, 2 % түзгөн.

2013-2014-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында 52471окуучу болуп:

«Эё жакшы » окугандардын саны- 2767 же 6,5 %.

«Жакшы» окугандардын саны- 10943  же  27,3 %.

«Орто» окугандардын саны – 25221 же 63, 2  %.

«Начар» окугандардын саны- 1104 же 2,8  % көрсөткүчтү берип, билим сапаты 33,8 % түзгөн.

2012-2013- окуу жылында 49 бутуруучу эн жакшы окуп, атайын кызыл аттестатка 2 татыктуу болсо, 2013-2014- окуу жылында 46 эн жакшы окуган  бутурүүчүнүн ичинен 20 кызыл аттестатка ээ болушкан.

Бугунку кундө окуучулардын билим сапатын көтөрүү максатында үч жылдык атайын”Билим сапатын көтөрүү программасы” иштелип чыкты жана бул программанын негизинде окуучу да, мугалим да тыным албай изденүүнүн үстүндө алгылыктуу иштер жүргүзүлмөкчү.

 

Олимпиада

2013-2014- окуу жылындагы  мектеп окуучуларынын олимпиадасы  Ош шаарында 5 баскыч менен  өткөрүлдү:

1-мектептик  баскыч

2-аймактык баскыч 

            3-баскыч шаардык баскыч

Шаардык олимпиаданы өткөрүүдө  Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан 43840 сом акча каражаты ажыратылып, окуучуларга ыссык тамактар уюштурулуп, тиешелүү шарттар түзүлдү.

4-баскыч регионалдык, башкача айтканда республикалык олимпиадага тандоо баскычы өткөрүлүп,176 окуучу катышты. Алардын ичинен   жалпы 38 окуучу  1-орунга ээ болушуп Республикалык олимпиадага катышууга   жолдомо алышты. Регионалдык олимпиаданы өткөрүү үчүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан 35100 сом акча каражаты сарпталып окуучуларга ынгайлуу шарттар түзүлдү.

Ош шаарынын вице мэри Эргешов Ильич Салыевичтин катышуусу менен 2014- жылдын 20- мартында №52 мектептин базасында шаардык, регионалдык  олимпиаданын  жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар жана аларды мыкты даярдаган предметтик мугалимдер  шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан баалуу сыйлыктар менен сыйланышты аларды  сыйлоо үчүн Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан 157880 сом акча каражаты ажыратылды.

Шаардык олимпиадада 1- орунга ээ болгон    окуучулардын сүрөттөрү алардын билимге болгон кызыгуусун мындан ары дагы арттыруу максатында  Ош шаарындагы  Курманжан Датка, Ленин, Масалиев көчөлөрүндөгү жарнак щиттерине Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан  илинди.

Олимпиаданын 5- баскычына Республикалык олимпиадага Ош шаарынан 38 окуучу катышып, байгелүү 2- орунга ээ болушту.Олимпиадада жакшы көрсөткүчтөрдү берген мектептерди учурдан пайдаланып белгилеп кетким келет:

Ош  Сема балдар лицейи жалпы – 6 байгелүү орунга

 

Ош Себат кыздар лицейи - - 2 байгелүү орунга

 

Олимп мектеби- 2 байгелүү орунга

 

Билим лицейи- 1 байгелүү орунга

 

№ 52 мектеп – 1 байгелүү орунга ээ болушкан.

 

Дүйнөлүк олимпиадага химия, биология, физика, информатика предметтери боюнча  катышууга Сема лицейинен 8 окуучу жолдомо алышкан.????????

 

Өткөн  2012-2013 –окуу жылындагы Республикалык олимпиадага жалпы 38 окуучу катышып, жалпы байгелүү орундун саны  –  26 болгон, жыйынтыгында

Ош шаарынын командасы  Республикада     2-   орунга ээ болушкан.Байгелүү орундарга ээ болгон мектептер:

1- орунга 7 окуучу (Сема -3 окуучу, Олимп-3 окуучу, № 17-1 окуучу).

2-орунга  3 окуучу( Сема -2 окуучу, Себат -1 окуучу)

3-орунга  5 окуучу(Себат- 2 окуучу, Сема- 2 окуучу, Олимп -1 окуучу).

4- орунга  – 11окуучу.(№18, 40,20, 50мектептер).

   Дүйнөлүк олимпиадага химия, биология, физика, информатика предметтери боюнча  катышууга Сема лицейинен 8 окуучу жолдомо алышкан.

 

ЖРТ

2013-2014- окуу жылындагы  Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу  мектептердеги  бүтүрүүчүлөрдүн  жалпы саны -  3056  анын ичинен,

сырттан окугандардын саны -1124

2014- жылдагы   Жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандардын жалпы  саны- 2727.

Булардын ичинен мектеп окуучуларынын бүтүрүүчүлөрү - 1805

Колледждердин бүтүрүүчүлөрү - 922

Мектепти бүтүрүп, эч жерде окубай катталгандардын саны-192.

 2014- жылдагы ЖРТ нын көрсөткүчүнүн негизинде  Кыргызстан  боюнча “Өзгөчө сертификатка 50 абитуриент ээ болуп, эн жогорку балл 231 балл болгон. Алардын ичинен    Ош шаарынын Ага Хан мектебинин  окуучусу Кубанычбек кызы Диана 220 балл менен “Өзгөчө Сертификатка”нетбук, 10000сом акчалай сыйлыкка татыктуу болду.

            Ал эми 2014- жылдагы жалпы республикалык тесттеги эн жогорку натыйжасы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Мактоо Грамотасына,нетбук, 10000сомдон акчалай сыйлыктарына  Олимп мектебинин окуучусу  Султанова Айшоола 208 балл менен КТЛ Семанын окуучусу  Жамалдин уулу Тойчубек 210 балл менен татыктуу болушту.

 

Ош шаарында  сертификаттардагы баллдардын көрсөткүчү  боюнча :

200 баллдан жогору  - 14 бүтүрүүчү,

150 баллдан 200 баллга чейин - 238 бүтүрүүчү.

110 баллдан 150 баллга чейин -  667 бүтүрүүчү.

 

Ал эми өткөн 2013 - жылдагы жалпы Республикалык тестирлөөгө катталгандардын жалпы саны- 3117.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн  жалпы саны -  3232, анын ичинен  сырттан окугандардын саны – 1157болуп, жыйынтыгында  Олимп мектебинин окуучусу Шайназарова Кызжибек  235  балл менен  “Өзгөчө сертификатка”  ээ болгон, сертификаттардагы баллдардын көрсөткүчү:

200 баллдан жогору  - 29.

150 баллдан 200 баллга чейин – 174.

110 баллдан 150 баллга чейин – 311.

 

Ош шаарындагы мектептерди заманбап компьютерлер менен камсыздоо боюнча өткөн окуу жылынын жыйынтыгында эл аралык уюмдар тарабынан долбоордун негизинде  122 даана компьютер алынып,бүгүнкү күндө жалпы компьютердин саны- 743, анын ичинен  эски маркадагы компьютердин саны-305,  жаёы маркадагысы – 438 даана.

 

2014-2015-окуу жылына карата Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын иш планы бекитилип, бардык мектептерде билим берүү кызматкерлери менен биргеликте жуманын ар шаршемби күнү “Ата-энелер күнү” деп жарыяланып, мектептеги окуу - тарбия процессинин жүрүшү менен жакындан таанышуу менен мугалимдерге ар тараптан  көмөк көрсөтүү максатында  ар бир  мектепте “Ата энелердин” жана 53 “Алдын алуу” кааналары алгылыктуу иш жүргүздү.

 

Мамлекеттүүүлүк жылына карата, 2014- жылдын 29-30- майында “Тарбия жана мектеп- бекем мамлекет” аттуу Республикалык илимий- практикалык конференция өткөрүлдү. Конференцияга мамлекетибиздин бардык аймактарындагы чыгармачыл педагогдор жана Республиканын 7 дубанынан жалпы 38 делегат келишип, конференциянын программасынын негизинде Ош шаарындагы мектептердин жана жалпы билим берүү мекемелеринин тарбия жаатындагы алгылыктуу иш чаралары менен кенири таанышып, тажрыйба алмашышты.

 

Бала бакчалар:

Шаарда 33 мектепке чейинки билим берүү мекемелери иштеп жатат, анын ичинен 29 бала бакча шаардык билим берүү  башкармалыгына караштуу, 3 ведомстволук, 1  шаардык  мэриянын карамагында. Шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 3  бала бакча

атайын     адистештирилген, 2 бакча санатордук типтеги бала бакча .

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жалпысынан 885 кызматкер иштейт. Анын ичинен педагогдордун саны 387.Тарбияланып жаткан балдардын саны 11527. Мектепке чейинки мекемелерде балдардын саны жылдан жылга өсүүдө:

2012- 2013- окуу жылында  балдардын жалпы саны  8512,

 2013-2014- окуу жылында балдардын саны 10527,

2013-2014-окуу жылында  балдардын саны 11527.

Шаарыбызда 2-7 жашка чейинки балдардын саны 33 минди түзөт, алардын ичинен бала бакчага барып жаткандардын саны 11минди түзсө, дагы 22 мин балага бакча керек.Бул абдан чон көйгөйдү женилдетүү максатында Ош шаардык мэриясынын демилгеси менен  2014- жылдын январь айынан бери №16 «Акылай» жана №22 мектептин базасында 3 тайпалуу  бала бакча ачылды

Бүгүнкү күндө  шаарыбызда 20 жеке менчик  бала бакчалары ачылган жана 3 бала бакча курулууда.Шарты туура келген мектептерге мектеп- бала бакча комплексин куруу колго алынууда, азыркы учурда 3 мектеп бала бакча комплексинде 100гө жакын бала тарбияланууда.

 

240 сааттык “Балдарды мектепке даярдоо” программасын  ишке ашыруу боюнча  46 мектепте мектепке чейинки даярдоо кластары ачылып 64 мугалим  1847 окуучуга тарбия берүүдө. Жалпы  67 класс комплект түзүлгөн, анын ичинен:

 окутуу орус тилинде -30 класс комплект,890 окуучу.

окутуу кыргыз тилинде -21 класс комплект, 517окуучу

окутуу өзбек тилинде-16 класс комплект, 440 окучу.

Бүгүнкү күндө социалдык жактан коргоого муктаж балдардын саны-9125.

            Кыргыз Республикасынын Президентинин «1-4- класстардын окуучуларын акысыз тамактандыруу» жөнүндөгү №372 жарлыгынын аткарылышы боюнча  бардык мектептерде  башталгыч класстарга келген тамак- аштардын сапатын  текшерип кабыл алуу максатында  профсоюз уюмунан, ата-энелер комитетинен, класс жетекчилерден турган комиссиянын курамы түзүлгөн.Бүгүнкү күндө 21547 окуучу акысыз тамактанат.

Бул  маселе  шаардык билим берүү башкармалыгынын  коллегиясында үзгүлтүксүз көзөмөлгө алынууда.

 

Усулдук иштер

Шаардык билим берүү башкармалыгынын усулканасы 4 багыт боюнча иш алып барат:

-Усулдук бирикмелерде  семинар, кеёешмелерди уюштуруу жана өткөрүү.

- Өз  билимин өркүндөтүү боюнча окууларды уюштуруу жана өткөрүү.

- Инновациялык ыкмаларды колдонуу багытында предметтик мугалимдер   

   арасында сынактарды уюштуруу.

- Чыгармачыл мугалимдердин иш тажрыйбаларын жайылтуу.

  • 2013-2014-окуу жылдын май айына чейин 399 мугалим план боюнча курстан өтө турган болсо. 375 мугалим өз билимин өркүндөттү  б.а. өз билимин өркүндөтүү 97.7 % түздү  жана   курстан кийин семинарлар уюштурулду.
  • 2014-жылдын 7-апрелинен 20- майына чейин “Жылдын мыкты мугалими- 2014”  сынагыны өткөрүлүп, баш байгени багындырган №18 А.Навои мектеп гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Музулманов Мелисбек  республикалык “ Жылдын мыкты мугалими- 2014 ”сынакка катышууга жолдомо алды.
  • «Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде» аттуу темада кыргыз тили жана адабият боюнча экинчи республикалык олимпиадага Ош шаарынан 6 окуучу катышып биринчи орунга ээ болушту б.а. №16 мектептен Нурумбетова Айзат (фольклор жанры боюнча)  биринчи орунду, №50 мектептен  Бакытбек кызы Айсулуу (эссе жазуу боюнча) биринчи орунду, №52 мектептен  Айдаркулов Эрбакан (долбоорду коргоо боюнча) экинчи орунду жана №52 мектептен Рахманберди у Бекболот (көркөм окуу жанры боюнча) экинчи орунга ээ болушту.

 

  •   Окуучуларды класста баалоонун жаңы методдорун киргизүү аркылуу башталгыч мектепте берүүнүн сапатын жогорулатуу” жана Ош шаардык билим берүү мектептеринде READ программасын ишке ашыруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Жалпысынан аталган программа боюнча үч (орус, кыргыз жана өзбек) тилде    шаардагы башталгыч класстарынын 211 мугалими семинарга катышып, сертификатка ээ болушту.
  • “Сабырдуулукту калыптандыруу (Тынчтык педагогикасы)” аттуу мугалимлер үчүн тренинг-программага Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектеп мугалимдеринен жалпысынан 25 мугалим катышып, алардын ичинен 3 мугалим Бишкек шаарында  өткөн беш күндөк  семинарга катышып келишти.
  • “Таалим-форум” коомдук фонду тарабынан усулдук семинар уюштурулду.
  • “Балдарды коомго аралаштырууда жана мектепке даярдоодо республиканын мектептен тышкаркы мекемелеринин ролу” деген темада республикалык деёгээлде  3 күндүк семинар уюштурулуп катышуучулар сертификатка ээ болушту.
  • “Жаш мугалимдерге жардам” иш пландын негизинде 29 жаш мугалимге насаатчылар менен биргеликте усулдук семинарлар  №2, №20. №39. №22 жана №8 мектептеринде өткөрүлдү.
  • Өткөн окуу жылы ичинде жалпысы 206 усулдук иш чара өткөрүлүп, анын ичинен 18 усулдук семинар, 99 предметтик  ачык сабактар, 18 усулдук дебат жана диолог өткөрүлдү .
  • КРнын экс Президенти, коомдук ишмер Р.И.Отунбаева жана Жогорку Кеңештин депутаты, билим берүү багыты боюнча комитеттин төрагасы К.Осмоналиева менен  Ош шаарындагы №4 С.М.Киров атындагы орто мектебинин  бүтүрүүчүлөрү менен “Кесип тандоо жана кесипке багыт берүү” максатында  багытында жолугушуу болду.
  • Окуучулардын чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган  бардык предметтерден «Акыл ордо», «Сырдуу сандык»,”Умники и умницы”  сынактары  уюштурулду.

 

Өткөн окуу жылында шаарыбыздын 16 мектеби интерактивдүү доска менен камсыздалды алдыда бардык мектептерди камсыздоо иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Билим берүү башкармалыгы менен мектептер арасындагы  кагаз иштери интернет аркылуу  жүргүзүүлүүдө, бүгүнкү күндө  бул аракеттер 30% ишке ашырылды.

Жаны технологиянын талабына ылайык иш жүргүзүү максатында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өзүнүн жеке сайты иштелип чыгып пайдаланууда.

Жаны окуу жылына даярдык көрүү максатында 14 млн. 400 мин сом өлчөмүндө бардык мектептерде ремонт иштери жүргүзүлдү.

Кышка даярдык

Шаарыбыздын мектептерине 280 тонна көмүр берилүүсү шарт болсо, ага июнь айында тендер өткөрүлүп, бүгүнкү күндө бардык билим берүү мекемелерине жеткирилди. Жогорудагы жетишкендиктер менен бирге эле алдыда  милдеттер турат:

 

 

 

2014-2015-окуу жылына карата милдеттер:

 

  • Билим сапатын көтөрүүдө мугалимдер канчалык изденип эмгектенбесин, учурдагы окуу китептеринин , усулдук колдонмолордун, техникалык каражаттардын жетишсиздиги жана мектеп менен коомчулуктун толук кандуу кызматташтыкта  иш алыныпп барылбай  жаткандыгы  билим берүү башкармалыгын тынчсыздандырат, ошого карабастан жаёы 2014-2015 окуу жылына карата алдыбызда төмөндөгүдөй милдеттер турат:

 

  • Окуу китептери менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында КРдин Өкмөтүнүн “Республикадагы жалпы билим берүүүчү  мекемелерин окуу китептери менен  камсыздалышын жакшыртуу чаралары жөнүндөгү” токтомунун долбоорун  колдоого алуубуз зарыл.  Мындан сырткары  китеп менен камсыздоону жакшыртуу үчүн  ата-энелердин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн  колдоолоруна жетишүү менен бюджеттен тышкаркы акча каражатын  табууну, атайын долбоорлордун үстүнөн иштеп  Эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты күчөтүү менен бирге мектеп китепканасын толуктоо максатындагы акцияларды өткөрүүбүз зарыл.

 

 

  • Илимий техникалык прогресстин жаёы кылымдагы өнүгүүсүн жана адамзат турмушундагы тынымсыз өзгөрүүлөрдү эске алып, мектептерге интерактивдүү доскаларды орнотуу зарыл жана    билим берүү кызматкерлеринин адистик чеберчилигин үзгүлтүксүз жогорулатуу боюнча иш аракеттерди күчөтүү.

 

  • Окутуунун инновациялык усулдарын жана технологияларын колдонуу максатында мектептерди тиешелүү компьютерлер менен ал эми жогорку класстардын окуучуларын планшет менен  камсыз кылуу.

 

  • Окуучулардын билим денгээлин жогорулатууну дүйнөлүк стандартка жеткирүүгө умтулуу менен бирге билим берүү мекемелерин толугу менен интернеттештирүү.  

 

 

  • Жаш муундун тарбиялык денгээлин, коомубуздун түбөлүк келечегин эске алып, “Тарбия жана билим борборун ”ачуу менен аларды адептик нормалар менен тарбиялоо менен билим сапатын көтөрүү.

 

  • Кылмыштуулукту алдын алуу боюнча  тарбия ишине ата-энелердин жана коомчулуктун мугалимдер менен бирдей денгээлде  катышуусун камсыз кылуу.

 

 

  • Балдардын жайкы эс алуу лагерин уюштуруу.
  • Мектеп окуучулары үчүн бак- дарак жана жаныбарлардын курамы менен мөөнөттүү чарба багын уюштуруу.

 

  • Улуттар ортосундагы жана дин маселесиндеги  ар түрдүү көз караштардын карама каршылыгын жоюп, улуттар ортосундагы карым катнашты, достукту жана ынтымакты бекемдөөчү маданий  алакаларды өркүндөтүүнү күчөтүү.

 

 

  • Ар бир билим берүү мекемесинин өзүнүн материалдык техникалык базасын чыёдоо үчүн бюджеттен сырткаркы каражаттарын табуу менен жана чет элдик донорлордун каражаттарын пайдалануу үчүн бизнес- долбоорлорду жазууну күчөтүү.

 

Жогорудагы аталган маселелер учурдагы билим берүүнүн эё орчундуу багыттары  экендигин белгилөө менен азыркы коомдогу өтө тез өзгөрүүлөргө жана турмуштук шарт кырдаалдарга  ылайыкташып окуучуларга татыктуу таалим тарбия берүүдө бул маселелерди чечүү учурдун кечиктирилгис талабы экендигин белгилөө менен бирге  аткарууга тийишпиз.