Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айыл аймагындагы, Жабылы айылда 120 орундуу Жабылы башталгыч мектеби пайдаланууга берилди.

 

Мектептин салтанаттуу ачылыш аземине, КР ЖКнын вице-спикери Т. Зулпукааров, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюми жана жергиликтүү тургундар, айыл аксакалдары, Көк- Жар, Төөлөс, Кулатов, Ынтымак айыл аймактарындагы мектеп директорлору жана мектеп окуучулары катышты.

«Акыркы 2 жылда 7 мектеп, 5 спорт зал пайдаланууга берилди. Бул аракеттер балдардын, окуучулардын келечеги үчүн жасалууда. Мектептери, ооруканаларды, мечиттерди куруу боюнча Бүткүл дүйнөлүк ассамблеясы өзгөчө жардам берүүдө. Мисалы, Кыргызстан боюнча 23 мектеп курулган болсо, Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагында 3 мектеп курулуп жана пайдаланууга берилүүдө», - деп белгиледи өз сөзүндө вице-спикер Т.Зулпукаров.

Башталгыч мектептин ачылуусуна мугалимдердин Ноокат райондук профсоюз комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева тарабынан түстүү телевизор жана окуу китептери жана Ардак грамоталар тапшырылды.  тапшырылды.