Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош облустунда мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү

2013-жылдын 24- август күнү Ош мамлекеттик администрациясынын чоң залында Ош облустунун мугалимдеринин август кеңешмеси болуп өттү.

Кеңешмеде 2012-2013-окуу жылындагы жетишкен ийгиликтер, кетирилген кемчилдиктер жана жаңы окуу жылындагы алдыга коюлган максаттар жөнүндө сын, сунуш, пикирлер ортого салынды.

Жаңы окуу жылына карата уюштурулган областтык кароо-сынак жыйынтыгы боюнча эң жакшы даярдыктарды көргөндүктөрү бааланып, жеңүүчү деп табылган Алай районуна Өкмөттүн Ош облусттук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан 50000 сом акчалай сыйлык жана диплом тапшырылды.

Калган райондордун да жакшы даярдыктары бааланып диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. 2013-иштерман жылына карата билим берүү тармагында номинациялар боюнча өткөрүлгөн областтык кароо-сынактын жеңүүчүлөрү аныкталынып Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан «Жылдын мыкты мугалими -2013» кароо сынагынын жеңүүчүсү Диплом жана «Noote Book» менен ал эми «Жылдын мыкты мектеби -2013», «Жылдын мыкты инновациялык бала бакчасы-2013», «Жылдын мыкты бала бакчасы-2013», «Профсоюз уюму менен мыкты өнөктөш», «Мыкты райадминстрациясынын башчысы-аким» дипломдор, телевизорлор, DVDлер менен биргеликте кол сааттар менен сыйланышты..

Кеңешменин ишине КР билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Д.Ш. Кендирбаева, Өкмөттүн Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б. Юсупов жана орун басары М.Махамадовдор катышышты.