Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин Пленуму болуп жыл жыйынтыгы чыгарылды

    Ош  областтык   кесиптик  бирлик  комитетинин    Пленуму  2017 –жылдын   27- январында  болуп  өттү.  Пленумда  кызматкерлердин   социалдык – экономикалык, эмгектик  укуктарын   кызыкчылыктарын    коргоодо   социалдык   өнөктөштөр  менен  жүргүзүлгөн  иштер   жана   өнөктөштүктү   өнүктүрүүдөгү  алдыдагы  максаттар  жөнүндө  маселе   каралып,  2016 – жыл  ичинде  аткарылган  иштерге   төрага  С.Тойгонбаев   токтолуп  «Мугалимдердин  статусу  жөнүндөгү »   мыйзамдын    8 – беренесине  ылайык   комуналдык  тейлөөдөн    жеӊилдиктер    айыл  өкмөттөрүнүн   бюджеттерине   жараша   500 сомдон   1000 сомго  дейре   берилүүдө.  Ал  эми,  Чоӊ –Алай   районунда   1 кг  көмүрдүн  баасы   1,5 сом  ар  бир  мугалим  үчүн   керектөөсүнө  жараша   жеӊилдетилген  баада   бериле   тургандыгына  жетишилген.                                  

    Айыл  жерине  барып  жайгашкан   жаш  кадрларга   жер  тилкелерин   алууга  жетишилүүдө.  М:  Алай  районунда  2015-2016ж.ж  18 жаш  мугалимге   жер  тилкелери   берилген.

    « Билим  берүү  жөнүндөгү » мыйзамдын   32- беренесине   ылайык ,  айыл  жерине  барып   жайгашкан  жаш  мугалимдерге   Кара –Суу, Өзгөн, Ноокат  райондорунда    10000 сомго  дейре    он  эселенген   оклад  олчөмүндөгү    бир  жолу  берилүүчү   жөлөк  пул  жергиликтүү  бюджеттин  эсебинен  берилүүдө.

    Өнөктөштөр  менен   мындан  ары  социалдык   өнөктөштүктү    өнүктүрүүнү    колго  алып,  жергиликтүү  бюджет  бекитилүүнүн   алдында   тургандыгына    байланыштуу   профсоюз  лидерлерин,  жергиликтүү  кеӊештер    менен  иш  алып  барууга   багыттап,  көӊүлдөрүн  бурууга  үндөдү. Пленумда   областтык  кесиптик  бирлик  комитетинин   Жобосу  кабыл  алынды. 

    Пленумдун  экинчи   бөлүгүндө   2016 –жылдын  жыйынтыгы   чыгарылып,   райшаарлар  арасында  « Жылдын  мыкты  өнөктөшү»  деп   Кара –Суу  РайБББ,  башчысы   Акматалиев.М .Т.  Окуу  жайлар   арасында  «Жылдын  мыкты  өнөктөшү»  болуп   ОГПИ,   ректору  Зулуев.Б.Б  табылышты.   Профсоюз  комитеттеринин   арасында  « Жылдын  мыкты   профсоюз  комитети »  деп  Алай  РПК,  төрагасы  Абдыкадыров А.К. , окуу  жайлар  арасында   ОМСУнун  бириккен  профсоюз  комитети,  төрагасы  Эгамбердиев. Ш.М. табылышып,  мыктылар   Дипломдор   жана  белектер  менен   сыйланышты.

                                                                                                     

 

                           Ош  областтык   кесиптик  бирлик  комитети