Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областтык билим,илим кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча областтык семинар өткөрүлдү.

Ноокат районундагы Б.Атишов атындагы орто мектебинин базасында « Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо» боюнча областтык денгээлдеги көргөзмө  семинар өткөрүлдү, семинарга ОПКнын тейлөөсүндөгү  профсоюз комитеттери жалпысынан 135 профсоюз активисттери катышышты.                                                                                                                                        

Семинардын  жүрүшүндө  Б.Атишов атындагы  орто мектептин мугалимдери жана окуучулардын катышуусунда өзгөчө  кырдаал болгондо жер титирөөдө  өрт чыккан учурда имараттын ичинен кызматкерлерди  окуучуларды кантип алып чыгуу жана жабыркагандарга кандай биринчи жардам көрсөтүү  боюнча практикалык иш чааралар  көрөзүлдү  ошондой эле ОПКнын башкы техникалык инспектору Ажиматов Э.Т тарабынан слайд аркылуу семинардын катышуучуларына эмгекти коргоо жана техникалык  коопсуздук боюнча кеңири түшүндүрмө берилди жана катышуучулардын   ар бирине техникалык коопсуздук боюнча нускама  өткөрүүчү  журналдардын кырргызча варианты берилди.                                                                                                                              Семинардын  жыйынтыгында ОПКнын  төрагасы Сабыр Абдубапович Тойгонбаев сөз  алып,Б.Атишов атындагы орто мектептин педагогикалык жамаатына ыраазычылык билдирүү менен мектепке түстүү телевизор жана DVD тапшырды.