Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин жыйыны

2024-жылдын 18-январында Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Ош областтык кесиптик бирлик Кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.Рыспаев, КР Президентинин Ош областындагы ыйгарым укукту өкүлчүлүгүнүн адиси Ж.Ураимова, Ош  билим  берүү институтунун директорунун орун басары К.Нурбаев, ЭЛТР компаниясынын билим жана илим берүү бөлүмүнүн өкүлү, «Ош  жаңырыгы» гезитинин  кабарчысы Т.Абдразаков жана райондук, шаардык окуу жайларынын кесиптик бирлик комитетеринин төрага, төрайымдары катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө Кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан уюштурулган «Маалымат  иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты райондук, шаардык кесиптик бирлик комитети» республикалык кароо-сынагынын жана Ош шаардык кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган «Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын арасында кызматкерлердин социалдык абалдарын жакшыртуучу шарттарды өнөктөштөр менен биргеликте түзүү үчүн жүргүзүлгөн аракеттер жөнүндөгү» кароо-сынагынын жыйынтыктары чыгарылды.

Жыйындын жүрүшүндө  Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  С.Тойгонбаев 2023-жылда  аткарылган   иштер  боюнча  кыскача  маалымат  берип, андан соң кесиптик  бирликтин төмөндөгү  активистерине  сыйлыктар   тапшырылды.

Республикалык   кароо-сынактын  областтык  этабында

I  орунду  ээлегендиги үчүн I даражадагы  диплом менен Ноокат райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы  Н.Нажибаева;

II орунду ээлегендиги үчүн II даражадагы  диплом менен Өзгөн райондук райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов;

III орунду камсыз кылгандыгы үчүн III даражадагы диплом менен ОшМУнун  бириккен  кесиптик   бирлик   комитетинин   төрагасы А.Саттаров жана ОшТУнун  бириккен кесиптик  бирлик  комитетинин  търайымы  Б.Тиленбаева кызыктыруучу  диплом  жана  акчалай  сыйлыктар менен  сыйланышты.

 Ошондой эле Ош областтык кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган областык кароо-сынагында

I даражадагы  диплом менен Кара-Суу  районундагы А.Сматов  атындагы орто  мектебинин  баштапкы  кесиптик  бирлик уюмунун төрайымы  А.Эрматова;

II даражадагы  диплом менен Өзгөн районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы  орто  мектебинин  баштапкы  кесиптик  бирлик  комитетинин төрайымы Б. Ашимова;  

III даражадагы  диплом менен  Кара-Суу  районундагы  К.Момбекова  атындагы  орто мектебинин   баштапкы   кесиптик  бирлик уюмунун  төрайымы   С. Салматова  жана ошондой эле Кара-Суу  районуна караштуу  «Бал  береке», «Татына» баштапкы мектепке чейинки кесиптик бирлик уюмдары жана Алай  районуна караштуу  Кадырмамат уулу  Абдразак атындагы  орто мектебинин  баштапкы кесиптик  бирлик уюмдары  кызыктыруучу белектер жана   акчалай сыйлыктар менен  сыйланышты.    

Сыйлыктарды КР Президентинин ыйгарым  укуктуу  өкүлчүлүгүнүн адиси  Ж.Ураимова, Ош областтык кесиптик бирлик Кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.Рыспаев жана Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев  тапшырышып, жеңүүлөргө ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети