Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областы жайкы эс алууда

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине караштуу Ысык-Көл областынын Тоң районунда жайгашкан «Красная гвоздика» эс алуу жайына кесиптик бирликтин Ош областтык комитетинен 76 билим берүү кызматкери барды.

Республика боюнча тармактык кесиптик бирликтин өкүлдөрүнөн турган ар бир областтын топтору кезектешип, тиешелүү комитеттердин толук каржылоосу менен 2021-жылдагы жайкы эс алуу көңүлдүү өтүүдө. «Красная гвоздика» эс алуу борборунда тиешелүү шарттар толук түзүлгөн. Тамак-аш менен камсыз кылган ашкана үзгүлтүксүз иштейт. 2021-жылдын 1-августунан тартып 5-августуна чейин эс алуу уланат. Жалпы келген эс алуучулар Борбордук комитеттин төрагасы Асылбек Токтогуловичке жана кесиптик бирликтин Ош олбасттык комитетинин төрагасы Сабыр Абдуваповичке ыраазычылык билдиришет.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин адиси А.Айтыкулова