Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областтык кесиптик бирлигинин Президиуму

Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик  бирлик  комитетинин кезектеги Президиумдун отуруму  2023- жылдын  26-январында  өткөрүлдү.

Отурумда областтык кесиптик бирликтин 2023-жылдагы аткарган иштери, андагы жетишкендиктер жана кетирилген кемчилдиктер жөнүндө  төрага С.Тойгонбаев  кенири маалымат берди.

Айрыкча, быйылкы жылы кызматкерлердин ден-соолуктарын  чыңдоого жана жайкы эс алууларын уюштурууга ОПК өзгөчө көнүл  буруларына  токтолду. «Жалал-Абад» санаториясы, К.Мамакеев атындагы, «Барчын» профилакториялары менен 6-10 күндөн келишим түзүп, жолдомолордун жарымын профбюджеттин эсебинен каржылап, кызматкерлерге шарт түзүлө тургандыгын баса белгиледи. РПК, ШПК, окуу жайлардын кесиптик бирлик комитеттеринде өздөрүнүн профбюджетеринин  эсебинен ден-соолукту чыңдоого жана жайкы эс алууларын уюштурууга  өзгөчө көнүлдөрүн бурууларына токтолду.

Президиумдунтотурумунда иш пландагы эрежелештирилген   маселелер каралып  бүтүп, күн тартибинде  ар түрдүү маселелер боюнча да ой-пикирлер, сунуштар айтылды. Тийиштүү токтомдор кабыл алынып, отурум өз ишин аяктады.

 

Маалыматты даярдаган: Ош областтык кесиптик бирлик комитети