Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети менен кошмо семинар өз жемишин берди

     Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлеринин катышуусу менен Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети биргеликте 2018-жылдын 22-февраль күнү Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагында жайгашкан № 79 А.Чолпон атындагы орто мектебинин базасында Ош аймагында (зонасында) жайгашкан 65 жалпы билим берүү  мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрага, төрайымдарынын катышуусунда    семинар-окуу болуп өттү.

    Семинардын максаты: Мектептерде баштапкы профсоюз уюмдарынын кааналарын  түзүү, иш кагаздарын жүргүзүү. Ошондой эле бүгүнкү күндө  орчундуу маселе  болуп жаткан  окуучулар арасында кылмыштуулуктун,  диний экстремизмдин  жана  суицидтин алдын  алуу максатында класстан  тышкаркы иш-чаралар пландаштырылып, окуучулардын катышуусунда сакналаштырылып көрсөтүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө жогорудагы көйгөйлүү маселенин үстүндө өз ойлору менен Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин кызматкерлери,  райондорунан келген райком профсоюздарынын төрагалары, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн, УКМКнын, ИИБнүн 10 бөлүмүнүн, ЖӨИнин кызматкерлери, Нариман  айыл аймагынын, ата-энелер комитетинин жана диний кызматкерлеринин  өкүлдөрү  талкууга   активтүү  катышышты.