Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитети менен биргеликте ɵткɵрүлгɵн кошмо семинар-окуу ɵз жемишин берүүдɵ

     2018-жылдын 12-апрель күнү Кара-Суу районундагы № 51 Ю.А.Гагарин  атындагы орто мектебинин базасында Кара-Суу зонасына кирген 63 жалпы  билим берүү мектептердин баштапкы профсоюз уюмдарынын тɵрага, тɵрайымдарынын катышуусунда укуктук-ченемдик актылар жɵнүндɵгү билимдерин жогорулатууга карата кошмо семинар-окуу болуп ɵттү.

    Семинардын күн тартибинде тɵмɵнкүдɵй маселелер камтылды:

  1. Иш берүүчүлɵр менен кызматкерлеринин укуктары жана мидеттери.
  2. Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо.
  3. Кадырдык кызматтын иш кагаздарын уюштуруу жɵнүндɵ.
  4. Социалдык ɵнɵктɵштүктү ɵнүктүрүү жана 2-3 тараптуу жааматтык келишимдер .
  5. Кызматкерлерди эмгек ɵргүүгɵ чыгаруу жɵнүндɵ.
  6. Убактылуу ишке жарамсыздык, кош бойлуулдук, тɵрɵт жана расымдык сɵɵк коюу боюнча пособиянын тɵлɵнүшү жɵнүндɵ.

Семинар-окуу суроо жооптор менен бышыкталды.

   Мындан тышкары профсоюз каанасын түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча практикалык жардамдар кɵрсɵтүлдү.

   Жогорудагыдай семинар-окуулар  19-апрель күнү  № 40 Б.Азизов атындагы орто мектебинин базасында Ош зонасына караштуу 65 жалпы билим берүүчү мектептердин   жана 26-апрель күнү 79 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын тɵрага, тɵрайымдарынын катышуусунда «Ай дос»   бала бакчасынын базасында уюштурулат.