Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ош Мамлекеттик Юридикалык Институтунун бириккен профсоюз комитети

         Ош Мамлекеттик Юридикалык Институтунун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы Жолоев Дүйшө Мамыевич билдирет. Ош МЮИ нин жалпы профсоюзга мүчө кызматкерлери Кыргыз Республикасында карантин башталган күндөн баштап уй карантинине кетишкен.Жергиликтуу коменданттык сааттарды жана Саламаттык сактоо Министрлиги тарабынан кабыл алынган талаптардын эрежелерин так аткарып жатышат. Март айынын эмгек акылары мөөнөтүнөн мурда төлөнүп берилди.Муктаж болгон кызматкерлерге"аванс" төлөнүп берилүүдө.Кызматкерлер менен телефон аркылуу байланышып турабыз.Кесиптештер ичинде ооруга чалдыккандар жок.Жергиликтуу аймактарда гуманитардык жардам берилгени жатат.

Сиздерди урматтап жана ден соолук каалоо менен ОшМЮИ. Жолоев Д.М.