Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ордо боюнча мелдеш өткөрүлдү

“Ак-Буура” кампусунда “Ордо” аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Аянтчаны ачуу аземине жана мугалимдер күнүнө карата улуттук спорттун ордо түрү боюнча “ОшМУнун ректорунун кубогунун” ачык чемпионаты өткөрүлдү. Ага Ош шаарындагы ЖОЖдордун профессордук-окутуучулук кызматкерлеринен жана студенттеринен түзүлгөн курама командалар катышты. Жыйынтыгында, ОшМУнун агайлар курама командасы – I даражадагы диплом жана 10миң сом, ОшМПУнун студенттер курама командасы – II даражадагы диплом жана 8миң сом, ОшМУнун студенттер курама командасы – III даражадагы диплом жана 6миң сом жана КӨЭАУнин агайлар курама командасы –  бир миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. Мелдеш ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин демөөрчүлүгү астында уюштурулду.

 

Маалыматты даярдаган: ОшМУнун кесиптик бирлик комитети