Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Орчунду маселелер каралды

     2017-жылдын 15-февралында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин президиумунун пландуу жыйыны өткөрүлдү.

     Жыйынга президиумдун мүчөлөрүнөн башка каралуучу маселелерге тиешеси бар адамдар чакырылды. Аны обкомдун төрагасы А.Исмаилов ачып, күн тартибиндеги маселелер менен тааныштырды.

     Алар:

  1.   Обкомдун 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө.
  2.   Обкомдун 2016-жылга каралган сметасынын аткарылышы жана 2017-жылга сметаны бекитүү жөнүндө.
  3.    Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 2017-жылды тармактагы «Ыйман жана укук маданияты жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү (№9/1         01.02.2017-ж.) токтомун  турмушка ашыруу жөнүндө.
  4.    Дарылануу, саламаттыкты чыӊдоо үчүн берилүүчү жолдомолорду үлүштүк негизде (обком, райшаарком, дарылануучу) төлөөнүн тартиби жөнүндө.
  5.    Билим берүү кызматкерлеринин облустук «Ден соолук – 2017» спартакиадасына жана «Жылдын мугалими – 2017» кароо-сынагына каражат бөлүү жөнүндө.
  6.   Ар түрдүү маселелер

 

     Күн тартибиндеги маселелер боюнча кеӊири талкуу жүрдү.

     Профсоюздун Токтогул райкомунун төрагасы Т.Исраилов, профсоюздун  Жалал-Абад шааркомунун төрайымы З.Тургунбаева, профсоюздун Ала-Бука райкомунун төрагасы Ж.Дурусалиев, профсоюздун Майлуу-Суу шааркомунун төрайымы Б.Джураева, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профсоюздук комитетинин төрагасы К.Болотбеков, обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматов, профсоюздун Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов, профсоюздун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиевдер күн тартибиндеги маселелер боюнча кеӊири ой-пикирлерин ортого салышты.

     Бардык маселелер боюнча айтылган омоктуу ой-пикирлерди жыйынтыктап, обкомдун төрагасы А.Исмаилов тармактык профсоюз тарабынан Республика боюнча жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштерди практикада ыкчам пайдаланып, өткөн жылы ишке ашпай калган айрым маселелерди жер-жерлерде иликтеп чыгып, аткаруу жагын баса белгиледи.

     Ал профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү жолунда күжүрмөндүүлүк менен иштөөнүн зарылдыгына токтолду.

     Президиум күн тартибине сунушталган маселелер боюнча кеӊири токтомдорду кабыл алды. Аларды жер-жерлерге жеткирип, аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы райшааркомдордун жетекчилерине тапшырылды.

     Президиумдун иши обкомдун төрагасы А.Исмаиловдун корутунду сөзү менен жыйынтыкталды.