Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ооганчылар эскерилди

Лейлек районунда Ооган жеринде каза болгон жоокерлер эскерилди. Дайынсыз жоголгон жана каза болгондордун аттары аталып, гүл чамбырлар коюлду. 

Саамалыкка Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Авазбек Бердиев катышып, Ооган согушуна катышкан Лейлектик жоокерлердин эрдиктерине токтолуп, ардактуу ардагерлерди майрамы менен куттуктады жана каза болгондорду эскерип өттү. 

Эскерүүдө билим берүү тармагында иштеген ооганчыларга Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирликтин Ыраазычылык каты менен акчалай сыйлыктары тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Лейлек райондук комитети