Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ооган жана Баткен согушунун ардагерлерин колдоо иш-чарасы

Базар-Коргон районундагы билим берүүчү уюмдарында эмгектенип жаткан Ооган жана Баткен согушунун ардагерлерин колдоо иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага  Базар-Коргон  райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев жана Ооган, Баткен согушунун ардагерлери катышты.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитети тарабынан ардагерлерге сый-тамак уюштурулуп, белектер тапшырылды. Райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев Ооган согушунун ардагерлерин майрамы менен куттуктап, “Көгүлтүр Ысык-Көл”  санаториясына жолдомо тапшырды. Ардагерлер колдоолор үчүн кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрүнө ыраазычылыктарын билдиришип, ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети