Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ооган согушунун ардагерлерин колдоо

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитети Ооган согушуна катышкан билим берүү кызматкерлерине колдоо көрсөттү.

 

Иш-чарага Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Т.Жалилов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев жана Ооган согушунун ардагерлери, мектеп жамааты катышты.

Ооган согушунун ардагерлерин Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Т.Жалилов куттукташып,  Акман айыл өкмөтүнө караштуу  Токтогул атындагы №5 гимназия мектебининде окуучулар жана мектеп жамааты катышкан салтанаттуу жолугушуу болуп өттү. Анда Ооган согушунун ардагерлерине Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитети тарабынан белектер берилди.

Ардагерлер колдоолор үчүн профсоюз комитетине ыраазычылыктарын билдиришип, кесиптик бирликтин иштерине ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети