Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу

Советтик Армиянын Афганистандан чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына жана 23-февраль «Мекенди коргоо» күнүнө карата билим жана илим тармагында эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери менен Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев жолугушту.

Жолугушууга Ош областындагы бардык район, шаар жана жогорку окуу жайларда эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери келишти. Анда   төрага С.Тойгонбаев ачылыш сөзүн сүйлөп, баардык ардагерлерди 23-февраль «Мекенди коргоо» күнү жана Советтик Армиянын Ооган  жеринен  чыккандыгынын 35-жылдыгы менен куттуктады.

Жолугушууда Ооган согушунун ардагерлерине Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары жана 3000сом акчалай сыйлыктары тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети