Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу

Бүгүн Ноокен районундагы Сакалды айылында жайгашкан №14 “Нооруз” балдар бакчасында Ооган согушунун катышуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Ооган согушуна биздин Чоң-Багыш айылынан ондон ашуун жигиттерибиз катышып, Ооган элинин тынчтыгын, бейпилдигин сактоо үчүн, жаштыгын, гүлгүн курагын, ден соолугун аябай душман менен бетме-бет келип салгылашып келишкен. Ошол жоокерлерден жолугушууга Жунусов Мурат, Эгембердиев Шавкат, Мамадеминов Равшан,  Абдрасулов Камил, Жолдошев Сатар агаларыбыз келип катышышты.

Балдарга Ооган окуясы жөнүндө айтып беришти. Бул ардагерлерге бала бакча тарбиялануучулары тарабынан патриоттуулук темасындагы ырлар, бийлер, балдардын өз колдору менен даярдалган белектер тартууланды. "Биз интернационалисттербиз" деген Ооган окуясы жөнүндөгү видео тасма көрсөтүлүп, суроо-жооп болду.

Бул жолугушуудан жаш бөбөктөрдүн жүрөгүндө патриоттуулук сезим, мекенге болгон сүйүү күчтүүрөөк болуп ойгонду деп ойлойм.

 

 

№ 14 “Нооруз” балдар бакчасынын

 башчысы  Ш. Мендикулова