Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ооган ардагерлерине ыраазычылык билдирилди

Кара-Суу райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгарылганынын 35 жылдыгына карата билим берүү тармагында эмгектенип жатышкан Ооган ардагерлери А.Саипов атындагы №90 орто мектебинин дене тарбия мугалими А.Алмаматов, Б.Азизов атындагы №40 орто мектебинин кароолу Таникулов Абдирашит, Токтогул атындагы №73  орто мектебинин дене тарбия мугалими Темирбаев Арстан, Айбек №106  негизги мектебинин кароолу Усманов Мамиржан, Ж.Шериев атындагы №121 негизги мектебинин кароолу Сатиев Манас, А.Семетеев атындагы №113 негизги мектебинин кароолу Абдиллаев Рахмандын эрдиктери эч качан унутулбасын белгилеп, ардагерлерге бекем ден соолук, узун өмүр каалап, райондук профсоюз комитетинин атынан акчалай сый-акы тапшырды.

Ардагерлер райондук профсоюз комитетине ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Кара-Суу райондук комитети